Токтогул райондук коммуналык чарба бөлүмү

Википедия дан

Токтогул райондук коммуналык чарба бөлүмү (Токтогул шаарчасы, Кенжетаев көчөсү, 39) 1970-ж. уюшулган.

Көчөлөрдү жашылдандырып, тартипке келтирет, жарык менен камсыз кылат, ремонт иштерин жүргүзөт; тротуарлар аралыгындагы 2,5 миңдей көркөмдүк үчүн тигилген бак-дарактарды көзөмөлдөйт ж. б.

  • 1968-74-ж. Токтогул шаарчасында 518 квартира курулуп, 388 квартира газ менен камсыздалып, санитариялык, техникалык кызмат көрсөтүлгөн.
  • 1974-ж. №1, 2, 3 от жагуучу жайлар (котельный) ишке кирген. Алар 1-5-кичирайондорунун турак жайларына жылуулук берген.
  • 1971-ж. 50 орундуу мончо ачылган.
  • 1974-ж. 100 орундуу «Кетментөбө» мейманканасы курулган. Коммуналык чарбада санитариялык тазалоо боюнча 20 трактор, 30 атайын автомашина болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5