Токтогул райондук электр тармагы ишканасы

Википедия дан

Токтогул райондук электр тармагы ишканасы райондун энергетика тармагын тейлейт.

1958-ж. уюшулган. Алгач Музтөр, кийин Торкен ГЭСтери ишке киргизилип, райондун элдүү пунктарын электр энергиясы менен камсыздаган. Жаңыдан курулган Токтогул шаарчасына 1969-ж. кубаттуулугу 10миң кВт болгон подстанция жана 110 кВттык электр линиясы ишке киргизилген. 1969-77-ж. райондун аймагын электрлештирүү аяктаган. Ишкананы Т. Кабылбеков жетектейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5