Мазмунга өтүү

Токтогул районунун ирригациялык курулмалары

Википедия — ачык энциклопедия

Токтогул районунун ирригациялык курулмалары.

2004-ж. райондо 4 сугат тармагы, 8 насос станциясы, уз. 609 км болгон 58 каналы, 60 суу ченөөчү жайлары болгон. Алар аркылуу 9336 га аянт сугарылат. Узунакмат сугат тармагы 2684 га жерди суу менен камсыз кылат, анда Каракүүгөй, М-1, М-2, Чолпоната, Чоңарык каналдары, 3 насос станциясы (Чолпоната, М-1, М-2);

  • Чычкан -2684 га жерди сугарат, Куйбышев, Кайрак, Чыркыратма, Күмбөз, Акжон каналдары, 2 насос станциясы (Кайрак, Тегерек);
  • Торкен -3686 га аянтты сугарат, Чоңарык, Чыркыратма, Шопок каналдары, 2 насос станциясы (Торкен, Шопок);
  • Үчтерек -4783 га жерди сугарат, Коңурөгүз, Кентуулук, Тартуулук, Кызылчарба, Сарыташ каналдары,
  • 1 насос станциясы (Сарыташ) бар. Каналдардын 157,4 км лоток,
  • 172,2 км куурлар, 285,4 км жер каналы. Жалпысынан 550,6 км ички чарбалык, 92,4 км чарба аралык канал болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5