Токтогул районунун турмуш-тиричилик жактан тейлөө кызматы
Көрүнүш
Токтогул районунун турмуш-тиричилик жактан тейлөө кызматы.
- 1948-ж. чейин райондун калкын турмуштиричилик жактан - кийим тигүүчү, өтүк ултаруучу «Суняцен» артели тейлеген.
- 1948-ж. чачтарач, кебез тытуучу жайларды, жыгач устакана, тегирмен, чигиттен май алуучу цехти ж. б. бириктирген өндүрүш комбинаты түзүлгөн.
- 1973-ж. райондук турмуш-тиричилик жактан тейлөө комбинаты ачылган. Анда кийим тигүү цехи, чачтарач, сүрөт салону, бут кийим оңдоо жайы ж. б. иштеп, 206 киши эмгектенген.
- 1992-97-ж. «Айпери» өндүрүштүк коммерциялык-тиричилик борбору болуп түзүлүп,
- 102 киши эмгектенген.
- 1997-жылдан жоопкерчилиги чектелген «Айлери -Г» коому деп аталат. Мында 9 бут кийим оңдоочу жайы, кийим тигүү ательеси, 2 сүрөт салону, 3 чачтарач, пахта тазалоочу, пилорама (тактай тилүүчү жай), авторемонт, автотранспорт, муздаткыч, кир жуугуч машиналарын оңдоочу жайлары иштейт. ошондой эле Терексуу, Сарысөгөт жана Торкен айылдарында кийим тигүү ательеси жана бут кийим оңдоочу жайлары бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5