Токтогул элдик театры

Википедия дан

Токтогул элдик театры (Токтогул шаарчасы, борбордук аянтта) 1969-ж. элдик театр наамын алган. Вишкек шаарында театрдын чыгармачыл жамааты тарабынан Б. Жакиевдин «Миң кыял» (режиссеру А. Боталиев), Ч. Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» (режиссеру Б. Алиев) спектаклдери коюлган.


  • 1974-ж. Т. Абдымомуновдун «Сүйүү жана үмүт » драмасын (режиссеру Т. Мураталиев) коюп, элдик театрлардын республикалык кароо сынагында биринчи орунду,
  • 1977-ж. Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалим» драмасы (режиссеру Т. Мураталиев) эл чыгармачылыгынын бүткүл союздук 1-фестивалында экинчи орунду,
  • 1987-ж. Ж. Молдобаевдин «Көктөмдөгү чагылгандар» драмасы (режиссеру С. Аскаров) эл чыгармачылыгынын бүткүл союздук 2-1фестивалында биринчи орунду алган, ошондой эле Москва шаарында өткөн элдик театрлар декадасына катышып, күмүш медаль менен сыйланган.
  • 1991-ж. М. Байжиевдин «Он эки күн» комедиясы (режиссеру С. Аскаров) Бүткүл союздук 3-фестивалда биринчи орунга ээ болуп, Курск шаарында өткөн декадага катышкан.
  • 1997-ж. Т. Абдымомуновдун «Жарыктык карыларым» комедиясы (режиссеру Р. Тиленбаева) республикалык кароосынакта коюлуп, жеңүүчү болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5