Шабданбаев, Токтоналы

Википедия дан
Токтоналы Шабданбаев‎»‎ барагынан багытталды)

(1896–1978)

Төкмө акын Токтоналы Шабданбаев Кант районуна караштуу Жайылма кыштагында 1896-жылы 15-августа туулган. 1918–1921-жж. басмачыларга каршы уюштурулган ыктыярдуу отрядда кызмат кылган. 1936–1965-жж. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргызстан Мамлекеттик филармониясынын солисти болуп иштеген. 1949-жылы Т.Шабданбаевдин «Жеңиш ырлар» деген биринчи ырлар жыйнагы, 1969-жылы «Золотые ворота» деген поэтикалык жыйнагы орус тилинде чыккан.
1958-жылы «Кыргыз ССР Эл артисти» деген наам берилип, Кыргыз искусствосу менен адабиятына сиңирген эмгеги үчүн «Эмгек Кызыл Туу» ордени жана «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Жеңиш ырлары: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 68 б.

Өчпөс өмүр: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1951. – 80 б.

Көргөнүм: Ырлар жана айтыштар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 131 б.

Айтыштар: Ырлар жыйнагы.–Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 132 б.

Алтын дарбаза: Ырлар жана поэмалар.–Ф.: Кыргызстан, 1965. – 202 б.

Тандалмалуу чыгармалар: Ырлар, айтыштар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 206 б.

Мекенимди даңктаймын: Эскерүүлөр жана ырлар.–Ф.: Кыргызстан, 1973. – 266 б.

Тандалмалуу чыгармалар: Ырлар ж-а поэма.– Ф.: Кыргызстан, 1976. – 330 б.

Мурас: Ырлар, эскерүүлөр. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 112 б.

Орус тилинде

Золотые ворота: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 165 с.