Токторалиев Асанбек Айтиевич
Көрүнүш
Токторалиев Асанбек Айтиевич (21.1.1960-ж.т., Жаңы-Базар айылы) - биология илимдеринин кандидаты, доцент.
- Ош мамлекеттик педагогика институтун бүткөн (1982).
- 1982-84-жылдары Ош мамлекеттик педагогика институтунун «Зоология» кафедрасында лаборант,
- 1984-85-жылдары Москва шаарындагы M.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде стажёр окутуучу,
- 1985-87-жылдары Ош мамлекеттик педагогика институтунун «Зоология» кафедрасында окутуучу,
- 1987-91-жылдары Москва токой техникалык институтундагы «Өнөр жай экологиясы жана токой коргоо» кафедрасынын аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүнүн аспиранты,
- 1991-92-жылдары Ош мамлекеттик педагогика институтунун «Жалпы биология» кафедрасында окутуучу,
- 1992-96-жылдары Жалал-Абад медициналык окуу жайында окутуучу, бөлүм башчысы,
- 1996-2001-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «Биология», «Экология жана жаратылышты пайдалануу» кафедраларында ага окутуучу,
- 2001-03-жылдары ректорунун жардамчысы,
- 2003-09-жылдары «Бүтүрүүчүлөрдү ишке жайгаштыруу» бөлүмүнүн жетекчиси, «Токой жана бак чарба» кафедрасынын башчысы,
- 2009-13-жылдары Педагогика факультетинин деканы болуп иштеген.
- 2013-жылдан Дистанттык окуу институнун директорунун орун басары.
- 40тан ашуун илимий макаланын, 4 окуу-усулдук колдонмонун,
- 1 монография жана 1 биологиялык энциклопедиялык окуу куралынын автору.
- «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы» (2003), «Жалал-Абад мамлекеттик университетине эмгек сиңиргендиги үчүн» (2013) төш белгидери, Кыргызстан жаштар союзунун (1981) “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6