Токтосартов Акун

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Токтосартов, Акун
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Токтосартов, Акун
Туулган жылы: 15-март, 1941-жыл
Туулган жери: Көңдүк айылы, Совет району, Ош облусу, Кыргызстан
Өлгөн жылы: 9-июль, 2013-жыл
Өлгөн жери: Бишкек шаары, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: котормочу, журналист, мамлекеттик жана коомдук ишмер
Наамдары: Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1966-жылдан баштап азыркы кезге чейин

Токтосартов Акун - котормочу, журналист, мамлекеттик, маданий жана коомдук ишмер.

Кыскача өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

Совет районунун Алайкуу өрөөнүнүн Көңдүк айылында 1941-жылы 15-мартта туулган.
1958-жылы «Кайың-Талаа» орто мектебин аяктап, 1958–1966-жж. Токмок шаарындагы Республикалык маданий агартуу окуу жайын, Ош мамлекеттик педагогика институтун, 1982-жылы Алматы шаарындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн.
1966–1977-жж. Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин борбордук аппаратында жооптуу кызматкер, 1977–1985-жж. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин маданият бөлүмүнүн сектор башчысы болуп иштеген.
1985–1991-жж. Кыргыз ССРинин Маданият министринин биринчи орун басары, Маданият министри, 1991–1997-жж. Токтогул атындагы мамлекеттик филармониянын директору, «Манас айылы» тарыхый-маданий комплексинин Башкы директору кызматтарын аткарган.
1992-жылдан бери Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын Президенти.
Анын макалалары 1968-жылдан баштап райондук, облустук, республикалык гезиттерге жарыяланып, өзбек жазуучусу Пиримкул Кадыровдун, казак жазуучусу Оролхан Бокеевдин роман, повесттерин, аңгемелерин которуп кыргыз тилинде жарык көргөн.
Советтик драматургдар А.Абдуллиндин «Он үчүнчү башкарма», М.Зарудныйдын «Рим-17», Э.Чеповецкийдин «Ай да, Мыцык», Д.Шаймерденовдун «Доке келе жатат», В.Чичковдун «Бүтпөй калган маек» деген пьесалары кыргыз тилине которулуп, республиканын профессионалдык жана элдик театрларда сахналаштырылып, Кыргыз телерадиосунда коюлган.
А.Токтосартовдун жетекчилиги астында 2002-жылы «Руханият» деген ат менен көлөмдүү китеп басмадан чыккан.
Ал Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин, Кыргыз ССРинин Энциклопедиясынын башкы редакция коллегиясынын, Кыргыз ССРинин Достук жана чет өлкөлөр менен маданий кызматташуу коомунун президиумунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин Коллегиясынын, «Кыргызстан-Германия Демократия Республикасы» достук коомунун төрагасы болгон.
Азыркы учурда Чынгыз Айтматов атындагы коомдук илимдер академиясынын академиги, Эл аралык Ата-Түрк фондусунун, «Евразия Диалогу» платформасынын мүчөсү, «Кыргызстан-Сауд Арабия» достук коомунун, Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын Кеңешинин Төрагасы.
1970-жылы СССРдин «Эмгектеги каармандыгы үчүн», 1995-жылы Кыргыз Республикасынын «Манас-1000» медалдары менен сыйланып, 2001-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамын алган, 2002-жылы «Тынчтык жана элдердин ортосундагы ынтымак үчүн» Эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон.
2011-жылы И.Раззаковдун эмгектеринин тандалмасын киргизүү менен “И.Раззаков” аттуу эки томдук китеп чыгарган.
1998-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 1997-жылдан Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Руханият. Макалалар жана сүйлөгөн сөздөр. – Б., 2002. – 425 б.
  • Рух чабыты. - Б.: Бийиктик, 2007. - 292 б.
  • Тагдырдын таржымалдары. - Б.: Бийиктик, 2007. - 159 б.
  • Мезгил жана адамдар. - Б.: Бийиктик, 2007. - 615 б.

Орус тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

  • На крыльях духовности. - Б.: Бийиктик, 2007. - 292 б.
  • История судьбы. - Б.: Бийиктик, 2007. - 159 б.
  • Время и люди. - Б.: Бийиктик, 2007. - 615 б.

Котормолору[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кадыров П. Жылдыздуу түндөр (Бабур): Роман. – Ф. Кыргызстан, 1985. – 498 б.
  • Бокеев О. Чагылган: Повесттер жана аңгемелер. – Ф. Кыргызстан, 1981. – 200 б.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]