Токтосун Боогачиев

Википедия дан

Токтосун Боогачиев
(1887-1922)
Токтосун Боогачиев – Октябрь революциясынын жеңишин, совет мамлекетинин теңчилигин күүгө салып, 20- жылдарда ырдап чыккан акындардын бири.
Токтосун Ат- Башыдагы Черик уруусунун Узун кыпчак тукумунан чыккан акын. Ал “1887-жылда туулуп, жашынан ырга берилип, айтышуу ырларына Нарын тегерегинен киши чыга алган эмес экен”. Токтосун айылдык молдолордон окуп, кат тааныгандан кийин мурун оозеки ырдап жүргөн ырларын кагаз бетине түшүрө баштайт. Анын той- аштарда, чоң жыйындарда узун сабак ыр ырдап, акындык чоң сыноолордун бири болгон айтыштарга да түшүп жүргөнү жөнүндө замандаштарынын эскерүүлөрүнөн учуратабыз. Бирок ага карабастан, акындын көркөм мурасынан бизге жеткени аз. Мындай өкүнүчтүү абалды, биздин оюбузча, төмөнкү учурлар менен түшүндүрүүгө болот. Бул, биринчиден, совет бийлигинин алгачкы жылдарындыгы ырчы- өнөрпоздордун ырларын, мурастарын жыйноодогу үзгүлтүктүү абалга байланыштуу болсо, экинчиден, Токтосун ырчынын дүйнөдөн эрте көз жумушу да ( ал 1922 –жылы февраль айында каза болгон) анын баа жеткис көркөм чыгармаларынын өзү менен кошо кетишине чоң себепкер болгон. Ошондой эле Токтосундун чыгармаларынын эл арасында аз сакталып калышына, кыргыз фольклорун жыйноочуларынын бири фольклорист Каюм Мифтаковдун жазып калтырган маалыматтарына караганда, акындын өзү да себепкер болгон көрүнөт. Токтосун ырчынын көркөм мурасын эң алгач жазып алган Каюм Мифтаков болгон. Ал өзүнүн кол жазмаларынын биринде акындын таржымалы жөнүндө кабардап келип, анын ырларынын эл оозунда аз сакталып калышы жөнүндө мындай дейт: “ Токтосун ырчынын өзүнүн көөнү тар адам болуп, ырларын жаттап алган адамдарды эч бир жактырбаган. Өз колунан бирөөгө жазып да бербеген, жаздырып да албаган. Ошол себептен анын ырлары канчалык көп жана жакшы болсо да, калк анын ырларын жаттап ала албай унуткан”.
Буга караганда Токтосун өз ырларын кагаз бетине түшүрүп жыйнаганы сезилип турат. Акындын ырларынын 200 беттен ашыгыраак кол жазмасы болгону эскерилет. Өзүнүн көзү өткөндөн кийин бул кол жазманын жоголуп кеткенин К. Мифтаков билдирет. Ошентсе да, Токтосун ырчынын айрым бир чыгармалары сакталып калган. Булар: “Качкын”, “Кулатай”, “Перизат”, “Жаңы заманга карап”, өндүү көлөмдүү ырлары, тамсилдери.
Т. Боогачиев 1916- жылдагы кыргыз элинин көтөрлүшүн, элдин оор турмушун өз көзү менен көргөн акындардын бири. Ал үрккөн эл менен кытай жеринде да болгон. 1916- жылдагы окуяга байланыштуу ал өзүнүн “Качкын”, же болбосо “Үркүн” деген темадагы ырын чыгарган. Ырдагы окуялардын, турмуш элестеринин көркөмдүгү, таасындыгы өз мезгилинде угуучуларга , жабыр тарткан элге Ысак Шайбековдун, Абылкасым Жутакеевдин ырларындай эле катуу таасир эткен. Ошол себептүү эл оозунда ырдын көп варианттары сакталып калган.
“Качкын” аттуу чыгармасында акын 1916- жылдагы окуяны хронологиялык тартипте баяндабайт. Б.а. Акыевдин, Жутакеевдин, Шайбековдун ушул темадагы ырларына мүнөздүү көтөрүлүштүн чыгыш себептери, падышалык аскерлер менен беттешүүдөгү айыгышкан уруш, кытай жерине качкандагы жол азабы өңдүүлөргө көңүл бурган эмес. Ырдын башында:
Атка минген эрлерди,
Алып барып камады.
Түшсө сындан көрүнбөй
Түбу терең набагы.
Кара кыргыз элeттин,
Кетип турат амалы.
Дунган менен таранчы
Таштап кетти калааны.
Чексиз кыргыз бузулуп,
Сапырылып тарады.
Кандай болот аягы?
деген өндүү ой тогоолору кезигет.

КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР:
Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери. Фрунзе 1988