Мазмунга өтүү

Токтосун уулу Зарына

Википедия — ачык энциклопедия

Токтосун уулу Зарына (1910-1973) Зергер. Тоң районундагы Тоң ашуусунда төрөлгөн.

Асан чакыргандагы аты Кудайберген болгон. Колхоз кыймылына жандуу катышкан. Атасы улуу усталардан болгон. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, согушка чейин айыл чарба артелинин башкармасынын төрагасы, согуштан кийин «Туура-Там» колхозунун башкармасынын төрагасы, Тоң басмаканасынын директору болуп иштеген. Зарына ак бараң сайлаган. Капкан ийип, аңчылык куралдарын жасаган. Мүнүшкөрдүк да кылган. Куш үчүн коңгуроо (жылаажын), томого, темир комуз үчүн күмүш менен кара темирди айкалыштыра кармаган. Бүркүтү тырмагын түлкүгө чайнатып, тырмагы түшүп калганда, ага темирден тырмак жасаган. Бүркүтүн айбанаттарга саларда тырмакты мээлейге киргизип, боосун бүркүттүн билегине байлап койгон. Темир тырмак мокосо өгөөлөп курчутуп, эскирсе кайра тырмак жасап турган. Зарына 30-жылдарда «Туура-Там» колхозунда узанган уста Турдуке уулу Шаймерден экөө суу аркылуу чуркай турган эгин бастыргыч жасашкан. Бул кадимки тегирмендин «барасы» сымалданып, арыктан ноо аркылуу беш-алты метрдей аралыктан шар суу келип «бараны» урганда чуркаган, анын тышында жазы курду илүүчү барасында өзүнчө эгин бастыргыч жайлашкан. Анда өзүнүн курду илүүчү барасы болгон. Эгинди элеп кызылы астына калып, саманы үстүнө чыккан. Анын калбырларын уста эмен өңдүү катуу жыгачтан тандаган. Уста жырткычтардан тартып кемирүүчүлөргө чейин ар бирине өзүнчө капкан жасаган. Темир капканы үч бөлүктөн турат: жаагы, түндүгү жана серпөөрү. Жырткычтарга текөөр берүүчү бул куралды жасоодо уста жаагы менен түндүгүнө жашык темирди, ал эми серпөөрүнө курч темирди керектеген. Ал болоттон жасалып, пружинадай серпилме болгон. Серпөөрүнүн калыңдыгы 3 мм келет. Сугаруусу жетишкен капкан чапканда бир карыш өйдө секирет. Аны биринчи сугарууда 15 градус ысытат да, аны суу тал менен улам жышып сугарат. Улам эки кычкач менен ийип, күчүнө келгенин байкайт. Темир сынбай турган болгондо сууга ширетип, мелүүн муздатат (сугаруу - курчутуу деген эле түшүнүк). Уста тап жылдырбай сугарган капкан узакка чейин айбанаттарга салынган. Ал капканды бир жаак, эки жаак тиштүү да жасаган. Эки жаак капкан өтө катуу келип, аны карышкыр, аюу, илбирске салган. Бир жаак капкан менен түлкү, суур, коён өңдүүлөрдү кармаган. Эки жаак капкандын тишине кийиз койгон. Антпесе, курч капкан жырткычтын сөөгүн талкалай кыя чаап, айбанат бутун жулуп кетет. Капкан тээкти, күлтүктү (тегерек кийиз, бул капкандын түндүгүнө чак келет), чынжыр, казык, сойгокту да өзү жасап алган. Чебер заттарды эритүүдө алардын ич ара айырмачылыктарын мыктап билген. Кызыл мис коюу келгендиктен ысыкка өтө чыдамдуу болот. Ал көптө эрийт. Болжолдо ал колону 400-500 градуста (20 минутада), сары жезди 600 градуста (25 минутада), кызыл жезди 800- 900 градуста (отуз минутада) эриткен. Үзөңгүнү чоюп, жезден сомдоп туруп, никелдештирип кооздогон. Ага күмүш жалатып, анын үстүнө күмүш зым аркылуу кооз оюм түшүрүү салтын Зарына уста мыкты сактаган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0