Мазмунга өтүү

Токумова Нурбүбү

Википедия — ачык энциклопедия

Токумова Нурбүбү (10. 12. 1952-ж. туулган, Кызыл-Ой кыштагы) - агартуучу, ишкер. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1978).

  • Эмгек жолун 1970-ж. Суусамыр орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп баштаган.
  • Ал 1992-2002-жылдары Жайыл райондук Граждандык абал актысын каттоо боюнча Суусамыр бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
  • 2003-ж. «Эл-Мээри» коомдук бирикмесин уюштуруп, анын жетекчиси, 2004-ж. «Суусамыр мейкиндик» кредиттик союзун түзгөн.
  • Ошол эле жылы Бүткүл дүйнөлүк банк жарыялаган программага ылайык гранттык конкурска катышып, грант утуп, «Маалымат, укук, билим» борборун, «Сорос-Кыргызстан» жарыялаган конкурстан грантка ээ болуп, «Алдыга кадам » маалымат билим борборун ачып, эки компьютер, кино жана фото аппараттарды, принтер, сканер, видео алып элге кызмат көрсөтүүдө.
  • 2005-ж. «Каунтерпрат - консорциум» жарыялаган конкурска катышып, шайлоодогу элдин укугун коргоо боюнча консультация, семинарларды өткөрүп, чакан китепкана ач кан.
  • 2006-ж. «Тоо айылдарын өнүктүрүү» долбоору аркылуу «Улут келечеги» ишкер аялдар жана «Максат» жаштар топторун уюштурган.
  • 2005-ж. эски мектептин жараксыз имаратын айыл өкмөтүнөн алып, спонсорлорду тартып, марафон уюштуруп, андан түшкөн каражаттарга имаратты ремонттоп, электр жылыткычтарды орнотуп, ишке киргизген.
  • Суусамыр айылдык кеңешине эки жолу депутат.
  • Бир нече жолу Ардак грамоталар менен сыйланган.
  • Кырбаш уруусунан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9