Толкун (тасма, 2008)

Википедия дан
Толкун (тасма, 2008)
Режиссеру Деннис Ганзел
Продюсер Rat Pack Filmproduktion
Кристиан Бекер
Сценарийи Деннис Ганзел
Петер Торварт
Рон Жонс(роман)
Негизинде Толкун
автору: Мортон Руе
Тартылгандар Йүрген Вогел
Фредерик Лау
Макс Риемелт
Женифер Үлрих
Музыкасы Хайко Майле
Жайылтуучу Constantin Film
Чыккан жылы
Узактыгы 107 мүн.
Өлкөсү  Германия
Тили Немис
Бюджети 5 млн
Киреше €23,679,136[1]

"Толкун" (англ. The Wave, орус. Эксперимент 2: Волна) - 2008-ж. Деннис Ганзел койгон германиялык социосаясый триллер тасма. Баш каармандарды Йүрген Вогел, Фредерик Лау, Женифер Үлрих жана Макс Риемелт ойногон. Тасма Рон Жонстун "Үчүнчү толкун" аттуу коомдук экспериментине негизделген. Тасманы Rat Pack Filmproduktion үчүн Кристиан Беккер өндүргөн. Тасма Германиянын кинотеатрларында ийгиликтүү көрсөтүлүп, он апта ичинде 2,3 миллион адам көргөн.

Ганселдин "Толкуну" 1967-жылы Калифорниядагы мектепте орун алган, мугалим Рон Жонстун "Үчүнчү толкун" экспериментинин негизинде жаралган. Окуткан студенттери улутчулдук-социализм сыяктуу нерсе кантип пайда болушу мүмкүн экендигин түшүнүшө алышпаганда, Р. Жонс өзү авторитардуу башкарып, катаал тартиптүү уюштурулган, тоталитардык "кыймыл" түзгөн. Бул коомдун биргеликтүү сезими анын өз студенттерин гана эмес, программага башка топтордун кийин кошулган дилгир студенттерин дагы өзүнө тартып, жаңы толкун пайда болгон. Жонс окуучулары анын жолдоочуларына айланганы ага жакканын кийин мойнуна алган. Жаралып келаткан күчтү жою үчүн, Жонс бешинчи күнү долбоорду токтотуп, студенттерге фашисттердин жаштар кыймылдары менен болгон окшоштуктарды көрсөткөн.

1976-жылы, Жонс ал эксперименттин негизинде "Үчүнчү толкун" повестин чыгарган, 1981-жылы анын негизинде ошол эле аталыш менен телетасма тартылган. Ошол эле жылы, Мортон Руе өзүнүн "Толкун" китебин чыгарган, ал 1984-жылы Германияда басылып чыккандан тартып, мектепте окутулган адабият катары зор ийгиликке жетишип, 2,5 миллиондон ашык нуска сатылган. Андан тышкары, 1981-жылкы кино дээрлик бардык коомдук медиа борборлордо жеткиликтүү. Бул окуя дүйнө жүзү боюнча дагы башка көптөгөн оюндардын жана ролдордун жаралышына түрткү болгон.

Сюжет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. http://boxofficemojo.com/movies/intl/?page=&country=00&id=_fDIEWELLE01