Толтоев Эшимбек

Википедия дан

Толтоев Эшимбек (1872, Сагызгандык айылы - 1945, Ошол эле ! жер) - комузчу; Токтогулдун шакирти.

Ал эр жеткенден Токтогулду ээрчип, өнөрүн үйрөнгөн. Ал Токтогулдун “Ногой күү”, “Бурулчанын селкинчек”, “Ак чабак”, “Ырчы күү”, “Сурнай күү”, “Камбаркан”, “Кетбука”, “Kapa өзгөй”, “Насыйкат”, “Сен, сен дүйнө”, “Кербез”, “Чайкама” ж. б. күүлөрүн чеберчилик менен черткен. Токтогул сүргүнгө айдалганда Наманганга чейин узатып барган.

Анын аткаруусундагы Токтогулдун күүлөрүн москвалык музыка изилдөөчү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери В. С. Виноградов 1961-ж. Москвадагы мамлекеттик музыкалык басмадан чыккан “Токтогулдун музыкалык мурасы” аттуу көлөмдүү китебине жарыяланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5