Толук тутулуулар
Толук тутулуулар – Күн жана Айдын тутулушунда байкалат.
Ай Жердин көлөкөсүнө толугу менен кирсе, анда Ай толук тутулат. Айдын толук тутулушунун фазасы Ай Жердин көлөкөсүнөн чыкканга чейин созулат. Айдын толук тутулушунун фазасында көрүнбөй калбастан, ал кызгылт түстө болот. Ал эми Жерге Айдын көлөкөсүнүн тилкеси түшкөндө ошол орунда Күндүн толук тутулушу көрүнөт. Тилкенин диаметри 250 км ден ашпайт, ошондуктан Күндүн толук тутулушу бир убакта бар болгону Жердин аз гана бөлүгүнөн көрүнөт. Жердин Ай менен Күндөн болгон аралыктары бир аз гана өзгөргөндүгүнүн натыйжасында Айдын көзгө көрүнүүчү бурчтук диаметри Күндүн диаметринен бирде чоң, бирде кичине, бирде ага барабар болуп турат. Биринчи учурда Күндүн толук тутулушу 7′40″га чейин созулат. Үчүнчү учурда көз ирмегенчелик убакытка, ал эми экинчи учурда Ай Күндү толук тосуп калбагандыктан биз алкак түрүндөгү тутулууну көрөбүз.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0