Толук эмес уйкаш

Википедия дан

Толук эмес уйкаш – ырдагы уйкаштыкты түзгөн сөздөрдүн акыркы муундары (же акыркы үндүүлөрү) гана окшош тыбыштардан түзүлгөн уйкаштык. Мисалы,


Бирок муну – кур кыялда күйгөн от,

“Тиги дүйнө бар” деген сөз – бир жомок.

Бушаймандуу чындык ушул: чиркин ай,

Бу дүйнө бар, мындан башка дүйнө жок!


Мындагы уйкашкан сөздөрдүн (күйгөн от – бир жомок – дүйнө жок) акыркы мууну гана (от – мок – жок) уйкашып турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Логика (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9