Томас Юнг


Томас Юнг (англ.Thomas Young,айтылышы: [ˈtɒməs jʌŋ]); 1773-жыл 13-июнунда туулган, Милвертон, Сомерсет, Англия — 1829-жылдын 10-майында каза болгон, Лондон) —англиялык дарыгер жана физик. Ал жарыктын интерференция принцибин негиздеп, муну менен бир кылымдык тарыхы бар жарыктын толкундук теориясын кайра жандандырган. Ошондой эле, ал Розетта ташындагы жазууларды чечмелөөгө салым кошкон египтолог катары да белгилүү.
1799-жылы Юнг Лондондо медициналык практикасын баштаган. Анын негизги кызыгуусу сезүү аркылуу кабылдоого багытталган. Ал дагы эле медицина факультетинин студенти кезинде эле, көздүн хрусталиги ар кандай аралыктагы объекттерге фокустоо үчүн өзүнүн формасын кантип өзгөртөрүн,башкача айтканда аккомодацияны ачкан.
Ал 1801-жылы биринчилерден болуп астигматизмди мүнөздөп жазган жана ошол эле жылы жарыкты изилдөөгө өткөн.
Жарыкты бири-бирине жакын жайгашкан эки кичинекей тешик аркылуу экранга багыттоо менен, Юнг жарык нурларынын жайылып, бири-биринин үстүнө кабатталарын байкаган. Ал кабатташуу болгон жерде ачык түстөгү тилкелер менен караңгы тилкелердин кезектешип турганын көргөн.
Жарыктын интерференциясын мындай демонстрациялоо менен Юнг жарыктын толкундук табиятын ишенимдүү түрдө далилдеген. Ал өзүнүн жаңы толкундук теориясын жука катмарлардын (мисалы, самын көбүктөрүнүн) түстөрүн түшүндүрүү үчүн колдонгон. Түстөрдү толкун узундугуна байланыштырып, Ньютон аныктаган жети түстүн болжолдуу толкун узундуктарын эсептеп чыккан.
1817-жылы ал жарык толкундары мурда айтылып келгендей узунунан кеткен (жайылуу багыты боюнча термелген) эмес, туурасынан кеткен (жайылуу багытына тик бурчта термелген) толкундар деген сунушту киргизген.Муну менен ал поляризация кубулушун — жарык толкундарынын бир тегиздикте термелүү үчүн багытталышын түшүндүрүп берген.
Юнгдын эмгектерине англиялык окумуштуулардын көбү калыс эмес мамиле кылышкан: Ньютондун теориясына кандайдыр бир каршы чыгууну элестетүү мүмкүн эмес эле. Француз физиктери Огюстен Ж. Френель жана Франсуа Арагонун эмгектеринен кийин гана Юнгдын толкундук теориясы акыры Европада таанылган.

Юнг ошондой эле түстөрдү кабыл алуу маселесин изилдеп, көздө ар бир түс үчүн өзүнчө механизмдин болушуна муктаждык жок, үчөө эле — ар бири көк, жашыл жана кызыл түстөр үчүн — жетиштүү болот деген сунушту киргизген. Кийинчерээк немис физиги Герман фон Гельмгольц тарабынан өркүндөтүлгөн бул теория Юнг–Гельмгольцтун үч түстүү теориясы катары белгилүү.
Египтологияга кызыгып калган Юнг 1814-жылы Розетта ташынын тексттерин изилдей баштаган. Башка булактардан кошумча иероглифтик жазууларды алгандан кийин, бир нече жылдын ичинде дээрлик так котормону камсыз кылууга жетишкен жана ошону менен байыркы египет тилин чечмелөөгө чоң салым кошкон.
Юнг ошондой эле молекулалардын өлчөмүн ченеп, суюктуктардын беттик чыңалуусу жана ийкемдүүлүгү боюнча иш алып барган. Ал биринчилерден болуп «энергия» деген сөзгө илимий маани берген жана ийкемдүүлүктү сүрөттөгөн математикалык теңдемедеги туруктуу чоңдук — Юнгдун модулу —анын урматына аталган.