Мазмунга өтүү

Томпок гравюра,

Википедия — ачык энциклопедия

Томпок гравюра, бийик гравюра – гравюра техникасынын эң негизги түрлөрүнүн бири. Тереңдетилген гравюрадан айырмаланып, тактанын эң үстүңкү бетине басма басууга эсептелген. Т. г-ны орточо катуулуктагы, көп учурда жыгач тактанын үстүндө сүрөттүн ак болуп көрүнүп туруучу бөлүктөрүн чегүүдө колдонушат. Боёкту атайын валик менен жаткырышат; басманы кол менен же тик пресстин өтө күчтүү эмес ныгыруусунда басышат, к. Ксилография, Линогравюра макаласын.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]