Томпок облус

Википедия дан

Томпок облус - тегиздиктеги-ар кандай эки чекити менен кошо аларды туташтырган кесиндини да толугу менен камтыган облус.

Томпок облустардын каалагандай санынын кесилиши да Томпок облус болот. Томпок облустун бүткүл бардык же чегинин бөлүгү томпок ийри сызык деп аталат. Айлана, үч бурчтук, параллелограмм, айлананын жаасы, эллипстин же гиперболанын жаасы томпок ийри сызыкка мисал боло алат. Түз сызыктын кесиндиси да - томпок ийри сызык. Тегиздиктеги Томпок облус - чектеги ар бир чекити аркылуу таяныч түз сызыгынын, б. а. облустун чеги менен жалпы чекити бар, бирок ал облусту кесип өтпөгөн түз сызыктын өтүшү (жок дегенде бирөө) менен да мүнөздөлөт.

Томпок облустардын төмөнкү төрт түрү бар: туюк томпок ийри сызыктар менен чектелген чектүү Томпок облус; ар бири бир гана чексиз ийри сызык менен чектелген чексиз Томпок облус (мис., парабола менен чектелген облус, бурч, жарым тегиздик); жуп түз сызыктар менен чектелген чексиз тилкелер; бүткүл тегиздик да Томпок облустун аныктамасынын шартына жооп берет. Жөнөкөй жана эң маанилүү Томпок облус томпок көп бурчтуктар болот. Эгерде чектеги чекиттер облуска тийиштүү эмес болсо, анда облус ачык облус, ал эми чектеги чекиттер облуска тийиштүү болсо, анда ал туюк облус деп аталат. Тегиздиктеги эки өлчөмдүү Томпок облус өлчөмдүү Томпок облустардын, б. а. томпок нерселердин айрым бир учуру катары каралат. Томпок нерселер теориясы 19-кылымдын аягындагы немис математиктери Г. Брунс менен Г. Минковскийдин эмгектеринен кийин өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4