Николай Томский

Википедия дан
Томский Николай Васильевич‎»‎ барагынан багытталды)

Томский, Николай Васильевич (1900-ж. т., Новгород облусу) – советтик скульптор, СССР эл сүрөтчүсү (1960). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1970), СССР САнын анык мүчөсү (1949; 1968-жылдан президент). 1927-ж. Ленинград сүрөт өнөр жай техникумун (В. В. Лишевден таалим алган) бүткөн. Т. негизинен монументтүү скульптурада жана портретте (көп-чүлүгү коло менен мрамор). Ал индивидуалдуу жана типтүү, тыкан моделденген формаларды айкалыштырып, баатырдык пафоско каныккан образдарды түзгөн: С. М. Кировдун (1938, Ленинград), В. И. Лениндин (1940, Воронеж), И. Д. Черняховскийдин (1950, Вильнюс), Н. В. Гоголдун (1952, Москва), П. С. Нахимовдун (1970, Севастополь), В. И. Лениндин (1970, Берлин) жана башка эстеликтери; И. Д. Черняховскийдин (1947), П. А. Покрышев, А. С. Смирнов (1948), Н. В. Гоголь (1951; бардыгы Третьяков галереясы) жана башкалардын скульптуралык портреттери. В. И. Суриков атындагы Москва көркөм институтунда сабак берет (1948; 1949-жылдан профессор, 1964–70-ж. ректор). Москва сүрөтчүлөр союзунун председатели (1951–56). СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1941, 1948, 1949, 1950, 1952, 1979), Лениндик сыйлыгынын (1972) лауреаты. Эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]