Тоок

Википедия дан
Тooк.

Тooк (лат. Gallus gallus domesticus) - тооктор түркүмүндөгү үй кушу. Банкин жапайы тоогунан (Gallus gallus bankiva) таралган. Эт жана жумуртка алыш үчүн багылат.

Жумуртка, эт-жумуртка жана эт багытындагы Tooк породалары бар. Жумуртка багытындагы Tooктордун денеси чың, анча чоң эмес, тез чоңоет, эрте жетилет, сырткы чөйрөнүн таасирин тез кабыл алат. Эт-жумуртка багытындагы Tooк чоңураак келет, денеси борпоң, тез жетилбейт, зат алмашуусу начар, моюну кыска. Tooктун эти мүнөз тамак; анда 63% суу, 20% белок, 16% май, 1% минерал заттары бар. Tooк физиол. жактан 5-6 айда өсүп жетилет. Жумуртка багытындагы Tooктор жылына 200дөй, алдынкы чарбаларда 220-250 (мыктылары 365ке чейин) жумуртка тууйт. Жыл өткөн сайын жумуртка туушу 10-15% ке азайып, 10 жылга чейин жумуртка тууйт. Tooктун продукттуулугу анын породасына, тоюттандыруу жана багуу шартына жараша болот.

КМШ өлкөлөрүндө Tooктун төмөндөгүдөй породалары жана породалык топтору кеңири таралган: жумуртка багытындагылар - орус ак тоогу, леггорн; эт-жумуртка багытындагылары - австралорп, ераван тоогу, Загорск тоогу, кучин тоогу, Москва тоогу ж. б.: эт багытындагы - корноуэлл тоогу. Кыргызстанда леггорн, плимутрок жана нью-гемпшир Tooктору аргындаштырылып, кыргыз тоогунун породаларынын тобу чыгарылган. Tooктун жүнү менен тыбыты жеңил өнөр жайында керектелет, кыгы жер семирткич болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4