Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусу

Wikipedia дан
Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусу.
Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусу.

Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусу (ТБАО; таж. - Вилояти Мухтори Кӯҳистони Бадахшон) — Тажикстан Республикасынын курамындагы автониялуу облус. Борбору- Хорог шаары.

Түндүгүнөн Кыргызстан, чыгышынан Кытай, түштүкбатышынан Афганстан менен чектешет. Аянты 64,2 миң км2. Калкы 220,6 миң (2010); негизинен памирликтер (94,0%), кыргыздар да (5,8) жашайт. Дини исмаилиттер (сүннөттөр). Тили - тажик, памир тилдери. Памирде байыркы памир тили сакталган. Орточо жыштыгы 1 кмг жерге 3,4 киши. Борбору - Хорог ш. (калкы 29,3 миң; облустагы жалгыз шаар). Адм.-айм. жактан бир шаарга, 7 районго, 43 айыл жамаатына бөлүнөт. Облус Памирден орун алган. Эң бийик жери - Исмаил Самани чокусу (бийиктиги 7495 м, «Дүйнө чатыры» деп да аталат; мурдагы Коммунизм). Эң узун мөңгү - Федченко мөңгүсү (уз. 71 км) да ушул жерде жайгашкан. Аймагынын батыш бөлүгү жапызыраак, терең өрөөндөр менен тилмеленген; кырка тоолор өрөөндөрдүн таманынан 3000-4000 ж бийиктикке чейин көтөрүлүп жатат. Чыгыш бөлүгүн тайпак тоолор, өрөөндөр менен чуңкурдуктар ээлейт. Эң жапыз жери батышында 1500 ж, чыгышында 3600 м. Климаты батышында мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы -7,8°С, чыгышы суугураак жана кургакчыл (-19,6°С), июлдуку 13°С (Мургабда). Жылдык жаан-чачыны 240 жж (батышында) жана 60-70 мм (чыгышында). Дарыялары - Панж, Мургаб жана алардын куймалары. Ири көлдөрү: Кара-Көл, Шор-Көл, Ыраң-Көл ж. б. Боз, чөл-талаа (батышта), бийик тоолуу чөл топурактары (чыгышта) басымдуу. Батышында эфемероиддер, шыбак, баялыш, коко тикен, ак кылкан, бетеге, төө таман, арча, суу бойлорунда терек, тал, жийде өсөт; чыгышында өсүмдүктөр сейрек.

Экономикасынын негизин айыл чарба түзөт. 2009-ж. 179,0 млн кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Хорог, Ванч, Шужан ж. б. чакан ГЭСтер курулган. Тамак-аш (эт, сүт, эт азыктары), энергетика, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары иштейт. Чыгыш Памирде бодо мал, топоз, куйруктуу кой, эчки асыралып, үй канаттуулары багылат. Батыш Памирде сугат дыйканчылыгы өнүккөн. Дан эгиндери, тоют жана бакча өсүмдүктөрү, картөшкө, тамеки айдалат. Өрүк, жаңгак жана тыт өстүрүлөт. Чыгышында туз казылып алынат. Алтын, тоо хрусталы, слюда, асбест кендери да бар. Ысык булактар көп кездешет. Облустун аймагы аркылуу Хорог - Ош, Дүйшөмбү - Хорог автомобиль жолдору өтөт. Облуста 318 мектеп, 191 китепкана, 36 оорукана жана музей, 19 мектепке чейинки мекеме, мед. окуу жайы ж. б. (2010) бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4