Тоо-кен илими

Википедия дан

Тоо-кен илими - кен казуу ыкмаларына жана катуу пайдалуу казылмаларды байытууга, тоо-кен казылмаларын өткөөлдөөгө байланыштуу тоо тектин катмарында болуучу физилдөө кубулуштар, ошондой эле кенди казып алууну коопсуз жана үнөмдүү жүргүзүү жөнүндөгү билимдердин жыйындысы.

Тоо-кен илиминин предмети - катуу пайдалуу казылмалардын өнүгүшүн жана алар менен бирге өтүүчү табигый кубулуштардын өз ара байланышын кошо кароо аркылуу ал казылмаларды иштетүү процесстери. Тоо-кен илиминин максаты - тоо-кен өндүрүшунүн техникасын жана экономикасын кескин өркүндөтүү үчүн пайдалуу казылмаларды иштетүүдөгү кубулуштар менен процесстердин закон ченемин ачуу жана илимий түшүндүрүү. Азыркы Тоо-кен илиминин өнүгүшү бир нече этапка бөлүнөт. 20-жылдар өндүрүштү калыбына келтирүүгө байланышкан этап. Ага шахталарды жана рудниктерди долбоорлоонун илимий негизин түзүү жана өнүктүрүү, тоо-кен ишиндеги коопсуздуктун маселелерин изилдөөнү уюштуруу мүнөздүү. Экинчи этапта (1929-40) тоо-кен өндүрүшүн электрлештирүүнүн негизинде тоо-кен жумуштары кеңири механикалаштырылып, тоо-кен механикасы, кенди ачуу, иштетүүнүн жана механикалаштыруунун системаларын изилдөө жер астында да, жер бетинде да өнүгөт. 50-жылдары кенди иштетүүдөгү табигый кубулуштарды изилдөөдө математикалык, физилдөө, жана химиялык жетишкендиктер кеңири пайдаланылат. Моделдештирүү, ЭЭМ, так аппаратура колдонулуп изилдөө өркүндөйт. Тоо-кен илими төмөнкү бөлүмдөрдү камтыйт. Tехнол. бөлүмүнө катмар жана кенташ кендерин ачуу жана иштетүү системалары, кенди ачык иштетүү, чачыранды кенди ачык түрдө жана суу астында иштетүү системалары, тоо-кен механикасы, геомеханикалык, тоо-кен геометриясы, маркшейдердик иш, иштетүү технологиясы - гравитациялык, магниттик, электрдик, флотациялык ыкмалар таандык. Эмгектин өндүрүш шарттарын жана коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө шахталарда эмгектин нормалдуу шартын түзүү ыкмалары, рудниктик аэродинамиканын жана рудниктик газ, газ жана көмүрдүн капыстан атылуусун болтурбоо үчүн күрөш жүртүзүү теориялары жана ыкмалары, жер астында электрди коопсуз колдонуу, көмүрдүн, кенташтын өзүнөн-өзү күйүүсүн алдын алуу жана прогноздоо ыкмалары ж. б. кирет. Тоо-кен экономикасы жана өндүрүштү уюштуруу бөлүмү тоо-кен экономикалык география, тоо-кен экономикасы жана өндүрүштү уюштуруудан турат. Кыргызстанда Тоо-кен илими 50-жылдардан өнүгүүдө. Негизинен Тоо-кен илиминин технол. бөлүмүнүн - тоо тектерин талкалоо (Е. Г. Баранов, В. Н. Мосинец, С. Барсанаев), пайдалуу казылмаларды иштетүү системалары (В. А. Шестаков, Г. В. Секисов, Г. П. Калинин, Н. Г. Ялымов, Т. Жороев), тоо тектеринин, массивдеринин жана процесстеринин физикасы (С. Г. Авершин, И. Т. Айтматов, M. К. Терметчиков, Ш. А. Мамбетов, К. Тажибаев), бургулоо машиналары (О. Д. Алимов, A. Н. Волков, Л. Т. Дворников) өңдүү багыттары өнүгүп, кыйла ийгиликтерге жетишилди.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4