Тоо компасы

Википедия дан

Тоо компасы - тоо тектердин жайгашуу элементтерин аныктоочу прибор.

Тоо компасы менен тоо тектердин узатасынан созулуп жаткан багыты, жантаюу багыты жана бурчу аныкталат. тоо компасы алюминий, пластмасса же жезден жасалган тик бурчтуу пластинкага орнотулган. Компастын лимби (айланасы) 360°ка бөлүнүп, анын борборундагы мамычага магнит жебеси менен бурч өлчөгүч асма (отвес) илинген. Магнит жебеси багытты, бурч өлчөгүч асма жантаюу бурчун көрсөтөт. Лимбиде (айлана) түндүк, чыгыш, түштүк, батыш багыттарын көрсөтүүчү тамгалар бар. тоо компасы кошумча эсептөөсүз, компаста көрсөтүлгөн чоңдуктарды ошол бойдон пайдаланууга ыңгайлаштырылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4