Топтук тандалуу

Википедия дан

Топтук тандалуу – табигый тандалуунун бир түрү. Көпчүлүктүн ичинен кандайдыр бир особдордун топторунун тандалып көбөйүүсү, өөрчүшү. Ал топтор түз же кыйыр атаандаштык мамиледе болушат. Эволюциядагы Т. т-да топ үчүн жагымдуу болгон белги бекийт. Бул тандалууда особдордун топтору организмдерден жогору болгон системанын бүтүндүүлүгүн кармап турууга, түзүүгө карата бири-бири менен атаандаштыкта болушат. Т. т. кандайдыр бир топтун жок болушуна алып келүү менен топтук көп түрдүүлүктүн деңгээлин төмөндөтөт. Кээ бир учурларда топтордун ортосунда айрымачылыктарды түзөт да, тандоонун басымын азайтат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]