Топурактын көпшөктүгү
Көрүнүш
Топурактын көпшөктүгү — топурактын табигый калыбындагы катуу бөлүкчөлөрүнүн арасындагы бардык боштуктардын топурактын жалпы келөмүнө карата процент (%) менен чагылдырылган жалпы көлөмү.
Мех. курамы ар түрдүү топуракта көпшөктүүлүк 26-80%, саздагы чым көң топуракта 80-90% ти түзөт. Көңдөйчөлөр аркылуу өсүмдүк топурактан ным жана аба кычкылтегин алат. Капиллярдык жана капиллярдык эмес көпшөктүүлүккө айырмаланат. Эгилме өсүмдүк үчүн 45-55% көпшөктүүлүк ынгайлуу.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4