Мазмунга өтүү

Топурактын сазга айланышы

Википедия — ачык энциклопедия

Топурактын сазга айланышы — туруп калган суулардын таасиринде анаэробдук шартта өтүүчү топурак пайда болуу процесси. Сууаба режимдеринин өзгөрүшүнөн болот.

Топурактын ашыкча нымдалышы микрофлоранын курамынын өзгөрүшүнө, өсүмдүк калдыктарынын өтө жай ажырашына, чым көңдүн топтолушуна, саз топурагына айланып бараткан жана саз топурактарынын калыптанышына алып келет. Топурактын сазга айланышы жаан-чачын, жердин үстүнкү бетиндеги (арыктардагы) жана грунт сууларынын, ошондой эле криогендик, биогендик жана антропогендик факторлордун натыйжасында жүрүшү мүмкүн. Көп учурда оор чополуу топуракта, гранулометриялык курамы боюнча жеңил катмардын астында оор чополуу катмарлар жайгашса, муз болуп тоңгон топурактарда пайда болот. Топурактын сазга айланышы токойлорду жок кылганда, гидротехникалык курулуштар (каналдар, суу сактагычтар), курулса, сугат режими бузулганда жүрөт. Топурактын сазга айланышы топурактын асылдуулугун, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, жайыт жана чөпчабыктардын түшүмдүлүгүн төмөндөтөт. Топурак бир аз сазга айлана баштаса, убактылуу арыктарды (канаваларды) казуу ж. б. иштерди, ал эми сазга өтө айланса, топуракты кургатуу иштери жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4