Топурактын суу режими
Топурактын суу режими - топуракта ным топтолушун, оошуусун, чыгымдалышын, пайдаланылышын жана ал нымдын физикалык абалынын өзгөрүшун аныктоочу кубулуштар жыйындысы.
Топурак түзүлүшүнүн жана күрдүүлүгүнүн негизги фактору. Топурак нымдуулугунун негизги булагы - жаан суусу. Агын, жер астындагы, сугат суу да топурак нымын арттырат. Жаан жана эриген кардын суусунун көбү агын, жер үстүнө топтолот, көпчүлүгү топуракка сиңип, өсүмдүктө пайдаланылат. Топуракта нымдын топтолушу анын суу синимдуүлугүнө жараша болот. Топурак копшок болсо, ным арбын сиңет, ал эми күзүндө чылгый ным топурак тонуп калса, ал сууну аз өткөрөт. Жер алдындагы суу жайгашуу тереңдигине жана кыртыштын суу өткөрүмдүүлүгүнө жараша топурак катмарына көтөрулөт. Топурактын суу режими топурактын касиети, климат шарты, өсүмдүк туру, өстүрүү технологиясына жараша болот да, топурактын структурасын сактоодо маанилуу.
Топурак cyуcy буу, суток жана катуу (муз) абалда болушу мумкүн. Топурактын суу режими тонмо. жүума, мезгилдүү жууча, жуулбас, ирригациялык сыяктуу бир нече типте болот. Өсүмдүк өстүрүүдөгү технологиялык процесстертер ным менен камсыз кылуу, топурактагы физикалык химиялык, микробиологиялык процесстер топуракта ным болушуна байланыштуу. Айыл чарба өсумдугүнөн мол түшүм алуу үчүн ынгайлуу Топурактын суу режимин сактоо жана түзүү зарыл.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.