Мазмунга өтүү

Топурак коллоиди

Википедия — ачык энциклопедия

Топурак коллоиди - топурактын 0,2ден 0,001 мкм чейинки майда бөлүкчөсү.

Ал топурак суусу менен коллоиддүү эринди түзүп, топурактын бир катмарынан башка катмарына өтүп, озүпчө катмарланат. Топурак коллоиди opганикалык, минерал жана органикалык-минерая бирикмелерден турат. Коллоиддүү фракция жеңил топуракта 2%, оор топуракта 30-50% болот. Топурак коллоидинин агрономияда мааниси зор. Ал топурак эриндисинен аммоний, калий, кальций, магний, фосфат ионун сиңирип, аларды агып кетүүдөн сактайт, топурактын структуралык түзүлүшүнө көмөктөшөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.