Топчу

Википедия дан

Топчу — зер буюму. Улуттук кийим-кечектерге жакшы жарашкан кыз-келиндерибиз үчүн зергерлер колодон, жезден, күмүштөн, мүйүздөн асемдеп үлгү жасашкан. Салттуу буюмдун катарына кирет мунун бетине зергерчилик менен кооздук түшүрүшкөн. Адатта, топчуну темирден жана мүйүздөн арбын кармашат. Темир болсо ич жагынан кийим-кечеге кадалуучу илгичин жасап, аны кепшер аркылуу бекитет. Топчунун оң бетине ат жабдыктарын шөкөттөгөндөй калтыркан күмүш жалатып, каалагандай оюм-чийим түшүрүшкөн. Топчу тегерек, томпок келет. Эгер муну «чапкылоо» ыкмасы аркылуу из түшүрүп жасаса, «кочкор мүйүз», «кулжа мүйүз», «ит куйрук», «кыял», «жарым кыял», «ийрек» балатынын бутактары сыяктанат. «Жарым мүйүз», «бармак боочу» оюмдары кейиптенип, же айбанаттардын элесин берген кооздуктар да көз алдыга тартылат. Элибиз үчүн күмүш бетине түшкөн «мүйүз», «кыял» оюмундагы «мөөр топчу» (себет сүртүлгөн) салттуу болуп саналган.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]