Тор: Караңгы дүйнө

Википедия дан

"Тор: Караңгы дүйнө" (англ. Thor: The Dark World, орус. Тор 2: Царство тьмы) — 2013-жылы тартылган Американын суперкаармандык тасмасы. Marvel комиксиндеги каарман Торго негизделип тартылган. Продюсери Marvel Studios жана жайылткан Walt Disney Studios Motion Pictures. Бул 2011-жылы экрандаштырылган "Тордун" уландысы жана Marvel киноааламындагы сегизинчи тасма. Режиссеру Алан Тэйлор, сценарийдин авторлору Кристофер Йост, Кристофер Маркус жана Стивен Макфили.[4] Ролдорду аткаргандар Крис Хемсворт, Натали Портман, Том Хиддлстон, Энтони Хопкинс, Стеллан Скарсгард, Идрис Элба, Кристофер Экклстон, Адевале Акинойе-Агбаже, Кэт Денниңс, Рэй Стивенсон, Закари Левай, Таданобу Асано, Жейми Александр жана Рене Руссо. "Тор: Караңгы дүйнө" тасмасында Тор Локи менен биригип, Тогуз ааламды Караңгы эргежээлдерден сактаганы тууралуу баяндалат. Караңгы эргежээлдердин башчысы тайманбаган Малекит ааламды караңгы туңгуюкка айлантууну көздөйт.

Продюсер Кевин Файги "Өч алгычтар" тасмасын кайчылаш улантып кино тартуу пландарын айткандан кийин "Тор: Караңгы дүйнөнү" өндүрүү иштери 2011-жылдын апрель айында башталган. 2011-жылдын июлунда "Тор" тасмасынын режиссеру Кеннет Бранаф долбоордон четтеп кетет. Тасмага режиссерлук кылыш үчүн Брайан Кирк менен Пэтти Женкинстин чакырылышы ойлонуштурулуп, бирок Тэйлор 2012-жылдын январь айында режисеерлукка тандалып алынган. Экинчи пландагы каармандар Экклестон, Денниңс жана Акинойе-Агбаженин тандалып алынышы менен актердук топ 2012-жылдын августунда толукталган. Негизги тасма тартуу иштери 2012-жылдын сентябрь айында Англиянын Суррей жергесинде башталган, андан кийин Исландияда жана Лондондо уланып, 2012-жылдын декабрында аяктаган. "Тор: Караңгы дүйнө" 3D форматына өндүрүштөн кийин которулган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]