Торайгыр ашуусу

Википедия дан
Торайгыр, ашуу‎»‎ барагынан багытталды)

Торайгыр ашуусу — Күнгөй Ала-Тоонун батышында. Түндүк жана Түштүк Торайгыр сууларынын башынан орун алган. Бийиктиги 3250 м. Анын айланасындагы Көлтөр чокусу 3812 м, Кызылбулак чокусу 3830 м бийиктикте жатат. Ысык-Көл жана Чоң-Кемин ойдуңдарынын таманынан салыштырмалуу бийиктиги 1600 м. Түндүк тарабынын ландшафты кооз. Жыш өскөн карагай токоюнун арасында, 2430 м бийиктикте Көлтөр көлү жайгашкан. Туристтердин жолу. Торайгыр ашуусу аркылуу Ысык-Көл районунун малы Көкойрок жайлоосуна ашырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]