Торий

Википедия дан
Торий.

Торий (латын тилинен Thorium, Th) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 7-мезгилинин IIIВ группа элементи. К.н. 90, ат. м. 232. Т. массалык сандары 213Th - 236Th болгон 24 изотобу белгилүү, алардын ичинен туруктуусу 232Th. Т. жер кыртышында таралышы 8×10-4 %ке барабар. Т. 1815-ж. щвед химиги Йенса Якоба Берцелиус ачкан. Ал негизинен монацит (Ce, Th)PO4, торит ThSiO4, торианит (Th,U)O2 (77 %ThO2) минералдары курамында болот. Т. - күмүш түстүү, балкып эрүү температурасы 1750оС; кайноо температурасы 4200оС; бирикмелеринде +2, +3 жана +4 окистенүү даражаларын көрсөтүүчү металл. Т. абада окистенип, жука оксиддик кабык менен капталат: Th + O2 = ThO2 Т. суутек менен реакцияга кирип, гидрид пайда кылат:

Th + H2 = ThH2 ; 2Th + 3H 2 =2ThH3

Т. азот, көмүртек, күкүрт, суутек сульфиди, галогендер менен жогорулатылган темп-рада аракеттенет. Суюлтулган HF, HNO3, H2SO4 жана конц. НCl, H3PO4 кислоталары менен жай реакцияга кирет. Т. ядролук энергетикада, куймалары отко чыдамдуу жана бышык болгондуктан реактивдүү самолеттор, ракеталар тетиктерин жасоодо жана электр приборлорунда, ошондой эле орг. заттар синтездөөдө катализатор катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]