Торкен Айыл Өкмөтү

Википедия дан

Торкен Айыл Өкмөтү - Токтогул районундагы администрациялык-аймактык бирдик.

06лустун борбору Жалалабат шаарынан 250 км, райондун борбору Токтогул шаарчасынан 20 км чыгыш тарапта, Ташкөмүр темир жол бекетинен 160 км. Торкен, Каражыгач, Көтөрмө айылдары карайт.

Калкы 10060 (2004); негизинен талаачылыкта (буудай, жүгөрү, картошка, күнкарама, бакча, тоют өсүмдүктөрү ж. б.) жана мал чарбасында эмгектенет. Айыл чарбага жарактуу жери 48,3 миң га, анын 3,0 миң га, айдоо жери.

12 тегирмен, 10 чыгаруучу цех, сүттү кайра иштетүүчү цех, автомобилге май куюучу 2 станция, устакана ж. б. ишканаларга иштейт. Төрт орто мектеп, маданият үйү, 3 клуб, 2 айылдык врачтык амбулатория, фельдшер-акушердик пункт, стоматология борбору, 3 мечит, 3 китепкана, мончо, сауна бар. Мындан тышкары айыл өкмөтүндө «Шамшыкал» өздүк көркөм чыгармачылык жамааты уюшулган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5