Торонто университети
Торонто университети (англ. University of Toronto; T, UToronto, же Торонто U) - мамлекеттик изилдөө университети болуп саналат. Ал Канададагы Торонто шаарында Queen's Park территориясында жайгашкан. Ал 1827-жылы падыша тарабынан ачылып, Падышалык колледжи деп аталган, жана ал Жогорку Канадада биринчи жогорку окуу институту катары түзүлгөн. Алгач ал Англия чиркөөсү тарабынан көзөмөлдөнгөн, ал эми 1850-жылы азыркыдай аталып, граждандык окуу жай болуп калган. Анда 12 колледж, ар бири мүнөзү жана тарыхы менен айырмаланат. Алар каржылык жана институттук иштер боюнча олуттуу жана өз алдынчалыкта. Скарборо жана Миссиссаугда эки спутниги бар кампустары жайгашкан.
Торонто мектеби катары академиялык, окуу пландары жана байланыш теорияларык коммуникациялар жактан абдан белгиүү. Университет инсулинди, клетка изилдөөлөрдү, электрондук микроскопту, Cygnus X-1, NP-completeness жана көптөгөн сенсордук технологияны иштептип чыгууда. Башка канаданын окуу жайларына караганда, ал илимий-изилдөө жактан эң каржылоону алып турат. Ал Кошмо Штаттардан тышкары, Америка ЖОЖдордун ассоциациясынын Макгилл университетиндей мүчөсү болуп саналат.