Мазмунга өтүү

Торричелли боштугу

Википедия — ачык энциклопедия

Торричелли боштугу – үстү жабык идиштеги суюктуктун үстүндөгү абасыз мейкиндик.

Эгерде бир башы туюк, узун, ичке, айнек түтүк сымап менен толтурулуп, бир идишке көмкөрүлсө, сымап түтүктөн толук агып кетпейт. Түтүктүн ичинде сымап мамычасы жана анын үстүндө абасыз боштук калат. Сымап мамычасынын салмагын тышкы атмосфера басымы теңсалмакта кармап турат. Бул кубулушту биринчи жолу 1643-ж. Э.Торричелли түшүн-дүргөн. Деңиз деңгээлинде сымап мамычасынын бийиктиги 760 мм. Бул 1 атмосфералык басым.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]