Торуайгыр шаар чалдыбары

Википедия дан

Торуайгыр шаар чалдыбарыорто кылымдарга таандык шаардын калдыгы. Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Торуайгыр кыштагынын жанында жайгашкан; дубал менен курчалган. Аянты 60 га. Шаарда турак жай жана өндүрүш курулуштары болгон. Ар кандай чоңдуктагы дөбөлөргө айланган. Торуайгыр шаар чалдыбарынын түндүк тарабынан орто кылымдарда кыш бышырылуучу өнөркананын калдыгы табылган. Андан имараттын астына төшөлүүчү жана дубалга капталуучу кооз такталар да чыгарылган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.