Мазмунга өтүү

Торугарт көмүр кени

Википедия — ачык энциклопедия

Торугарт көмүр кени Нарын облусунун Ат-Башы районунда. Юра катмарынын чакан тилкеси Кыргыз Республикасынын Кытай менен болгон чек арасында түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай созулуп жатат. 1936-, 1947-, 1950-жылдары теллур рудасын издөө иштери жүргүзүлүп, 1951-ж. бургулоо көзөнөктөрү өтүлгөн. Бургулоодон юра катмарында калыңдыгы 1,0 мден ашпаган көп көмүр кабатчалары, линзалары бар экендиги аныкталган. Бирок, алар өнөр жайлык мааниге ээ эмес.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]