Тору-Айгыр базальт кени
Көрүнүш
Тору-Айгыр базальт кени Ысык-Көл районунда , Тору-Айгыр кыштагынан 26 км түндүктө, Торайгыр суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 2000–2300 м бийиктикте. 1992-ж. геол. cъемка жүргүзүү убагында табылган. Узундугу 2300 м жана калыңдыгы 30 м болгон базальттын кабатчасы палеогендин көктурпак свитасынын кумдугунун арасында жатат. Базальттан минералдык кебез алууга болот. Болжол ресурсу 3 млн м3.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7