Тосмолор (тасма)

Википедия дан
Тосмолор (тасма)
Режиссеру Дензел Вашингтон
Сценарийи Огаст Уилсон
Оператору Шарлотта Брүс Кристенсен
Тартылгандар
Музыкасы Марсело Зарвос
Редактору Хүс Уинборн
Студия
Жайылтуучу Paramount Pictures
Чыккан жылы
Узактыгы 139 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $24 млн[2]
Киреше $64.4 млн[2]

«Тосмолор» (англ. Fences, орус. Ограды) — драмасы 2016-жылы Америкада жарыкка чыккан. Тасмада башкы ролду Дензел Вашингтон ойноп, ал өзү режиссерлук да кылган. Ал эми сценарийин "Пулитцер" сыйлыгына татыган ушул эле атылыштагы спектаклдин автору Огаст Уилсон жазган (Уилсон 2005-жылы каза болгон, бирок сценарийди ал көз жумганга чейин бүтүргөн). Вашингтон менен катар тасмада Виола Дэвис, Стефен Хендерсон, Жован Адепо, Расселл Хорнсби, Майкелти Уиллямсон жана Сания Сидней образдарды жаратышкан.

Тасма тартуу иштери 2016-жылдын 25-апрелинде Пенсилваниянын Питсбург жергесинде башталып, ошол эле жылдын июнь айынын ортолорунда аяктаган.[3] «Тосмолор» АКШда 2016-жылдын 16-декабрында Paramount Pictures тарабынан экрандаштырылып, жакшы баага татыган жана 64 млн доллар киреше алып келген. Тасма Америка кино институту тарабынан 2016-жылдын мыкты 10 тасмасынын бири деп табылган[4]. 89-Оскар сыйлыгынын «Эң мыкты тасма», «Эң мыкты эркек актёр», «Экинчи пландагы эң мыкты актёр аял» (Дэвис) жана «Ылайыкташтырылган мыкты сценарий» номинацияларына көрсөтүлүп, Дэвис аткарган ролу үчүн сыйлык утуп алган. Тасма ошондой эле Алтын глобустун «Эң мыкты эркек актёр» жана «Экинчи пландагы эң мыкты актёр аял» номинацияларына көрсөтүлүп, Дэвиске жеңиш тартуулаган.[5]

Сюжет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасма өндүрүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Огаст Уилсондун «Тосмолорун» экрандаштыруу аракеттери натыйжа берген эмес. Бул бир чети Уилсондун афроамерикалык режиссёрдун кызматынан пайдаланам деп көшөрүп туруп алганына байланыштуу болгон.[5] Empire журналына 2013-жылы курган маегинде Дензел Вашингтон «Тосмолордо» башкы ролду аткарып, режиссёрлук кылгысы келгенин билдирген. Муну менен ал 2010-жылдагы Бродвей пьесасында жараткан ролуна кайра жан киргизгиси келген. Ал пьесага да, анын тасмасына да Скотт Рудин продюсерлик кылган.[6]


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. ToddMcCarthy 'Fences' Review (November 22, 2016). Текшерилген күнү 22 -ноябрь (жетинин айы) 2016.
  2. 2.0 2.1 Fences. Текшерилген күнү 2 Апрель 2017.
  3. DaveCrawley Denzel Washington’s Production Of "Fences" Wraps Filming In The Hill District. CBS Local Media (June 14, 2016). — «in the playwright’s native Hill District in 1957.»
  4. PatrickHipes AFI Awards: Best Of 2016 Film List Includes ‘Silence’, ‘Hacksaw Ridge’ & More. Deadline.com (December 8, 2016). Текшерилген күнү 8 -декабрь (бештин айы) 2016.
  5. When August Wilson Insisted on a Black Director for a Hollywood Adaptation of 'Fences'.... Indiewire (August 4, 2014). Текшерилген күнү 25 Апрель 2016. Түп булактан архивделген күнү 13 -май (бугу) 2016.
  6. Denzel Washington Aiming to Adapt August Wilson’s FENCES as Next Directing Project, Collider (February 1, 2013). Текшерилген күнү 25 Апрель 2016.