Тосор суусу

Википедия дан

Тосор суусу, Ашуу төр , Жалгыз карасай – Тескей Алатоонун ортоңку бөлүгүнүн түн. капталынан агып түшкөн суу.

Уз. 30 км, алабынын аянты 304 км2. Ала- бынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2990 м. Алабында жалпы аянты 21 км2 болгон 23 мөңгү, 0,06 км2ди ээлеген үч көл жайгашкан, бири туздуу. Жалпы уз. 130 км келген 37 куймасы бар. Негизинен кар, мөңгү (85%) ж-а жамгыр (15%) сууларынан куралат. Май – октябрь айларында кирип, ноябрь – апрелде тартылат. Көп жылдык орт. чыгымы 2,3 м3/сек, январь – мартта суусу тартыш (1,0 м3/сек). Эң көп чыгымы 65 м3/сек, эң азы 0,40 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Тосор кыш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2