Тоң-мурун ашуусу

Википедия дан
Тоңмурун, ашуу‎»‎ барагынан багытталды)

Тоң-мурун ашуусу - Алай районунун түштүк-чыгышындагы Баш-Алайдын чыгыш четинде.

Бийикт. 3536 м. Алай жана Чоң Алай кырка тоолорун туташтырган белбаскак жер. Аму-Дарыя менен Тарим д-нын алаптарына кирген эки Кызыл-Суунун суу бөлгүчү. Рельефи тайпак, жазы дөңсөөгө - платого окшойт. Метаморфизмделген сланец, аки таш, гипс тектеринен тургандыктан, аймагынан карстык чуңкурчалар кезигет. Бетегелүү талаа ландшафты мүнөздүү. Тоң-Мурун эзелтен эл катташкан, кербен жол болгон. Андан байыркы Улуу Жибек жолунун бир тармагы өткөн. Ашуудан автомобиль жолу өтөт. Аты түбөлүк тоң кыртышынын жатышына байланыштырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]