Мазмунга өтүү

Тоң амазонит кени

Википедия — ачык энциклопедия

Тоң амазонит кени Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Бөкөнбаев кыштагынан 25–27 км түштүк тарапта, Тоң, Аңгисай, Корумду коктуларынын башында, Тескей Ала-Тоонун жонунда. Аймагын соңку рифейдин порфир сымал гранит тектери түзөт. Кен альбиттешкен лейкократтуу гранит тилкесиндеги амазонит гранитинен турат. Тилкенин узундугу 10–15 км, андагы амазониттешкен зонаныкы 0,5–10 мге чейин. Амазонит жашыл түстө. Бүртүкчөлөрүнүн өлчөмү 23 см, чаңда 55 смге жетет. Жакшы сайкалданып, өтө кооз көрүнөт. Кооз буюмдарды жасоого жарамдуу.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]