Тоң өрөөнү

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Тоң өрөөнү - Ысык-Көлдүн түштүгүндө түштүктөн түндүккө карай дого сымал ийилип жатат.

Тоң суусунун алабын ээлейт. Тескей Ала-Тоонун түн. тармактары — Эшме, Бозбешик, Акбакшы, Орток, Кара-орток, Күнтийбес, Тастарата тоолору м-н курчалган. Уз. 45 км, өрөөндүн таманынын орт. бийикт. 2000–2200 м, эң бийик жери 3840 м, жапыз жери 1660 м. Курчаган тоолордун андан салыштырмалуу бийиктиги 500–1000 м. Өрөөн тектон. Эрозия процесстеринен пайда болгон. Башы Карасаз аталып, Тескей Алатоонун түн. капталынан агып түшкөн Көлтөр, Акташ, Зындан, Көкбулак, Тоң, Аңгисай, Корумду сууларынын алабында тепши сымал кенен төрлөр, цирктерден турат. Аталган суулар бири-биринен анчалык бийик эмес кырлар м-н бөлүнүп турат. Таманы Акбакшы ж-а Күнтийбес тоолорунун аралыгында 1—1,5 кмге чейин кууштап, төмөн жагында Ысык-Көлдү карай кайрадан 10–12 кмге кеңейип, Тоңдун чатында гана кууштайт. Таманында төртүнчүлүк мезгилдин кум, шагыл; чопо, палеоген-неогендин кызыл түстүү конгломерат, кумдук, алевролит тектери топтолгон. Тоо беттери төмөнкү палеозойдун гранит, гранит-диорит, тоналит интрузия тектеринен турат. Климаты мелүүн деңиздик; январдын орт. темп-расы –2,2°С, июлдуку 17°С, жылдык жаан-чачыны 250 мм. Өрөөндүн ландшафтына жарым чөл, кургак талаа (2200 м бийиктикке чейин), бадал-токойлуу талаа ж-а шалбаалуу талаа (3000 мге чейин), андан жогору субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы мүнөздүү. Таманында дан ж-а көп жылдык тоют өсүмдүктөрү айдалат; беттери жайыт. Өрөөндө Бөкөнбаев, Карасуу, Большевик, Төрткүл, Туурасуу ж. б. кыш. жайгашкан. Ал аркылуу Балыкчы — Каракол авт. жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2