Трамптык кемечилик
Көрүнүш
Трамптык кемечилик (англ. tramp – сөзмөсөз: селсаяк) – деңизде товар ташууну, массалык жүк агымдарын унаалык тейлөөнүн бир түрү. Т. к-те жүк ташуучу кемелердин иши бир туруктуу сүзүү аймагы, жүктөө жана жүк түшүрүү, жүктөрдүн бир түрлөрү менен чектелбейт, ал эми ташып жеткирүүнүн баасы киреакы базарынын конъюнктурасына жараша тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7