Трансплантация

Википедия дан
Трансплантация (1968)

Трансплантация — бузулган жана оорулуу органды же анын бөлүктөрүн алмаштыруу операциясы.
Көчүрүү максатында орган жана тканын берген киши же жаныбар донор, ал эми кабыл алган организм реципиент деп аталат.

Түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • аутотрансплантация - бир эле организмден ошол эле организмге көчүрүү (мисалы, теринин өтө көп жери күйгөндө дененин башка жеринен тери алып жамоо;
  • аллотрансплантация - бир кишиден башка кишиге же жаныбардан жаныбарга (бир түр ичинде) көчүрүү;
  • ксенотрансплантация - жаныбардан кишиге (мисалы, атеросклерозго учураган артерияны өгүздүн кан тамыры менен алмаштыруу).

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орган жана ткандарды көчүрүүнү 1905-ж. франциялык хирург А. Каррель 1-болуп эксперимент катары итке бөйрөк көчүрүп тиккен. Дүйнөдө 1-болуп советтик хирург Ю. Ю. Вороной сулемага ууланып бөйрөгү иштебей калган 20 жаштагы аялга бөйрөк көчүрүп салган. Операция ийгиликсиз аяктаган. 1965-ж. Советтер Союзунда 1-болуп советтик хирург Б. В. Петровский энесинин бөйрөгүн кызына ийгиликтүү жамаган. Бир жылдан кийин ал өлүп калган донордун бөйрөгүн ийгиликтүү көчүргөн. 20-кылымдын башында эле эксперименттик көчүрүүдө кээ бир учурда жамалган бөйрөк көпкө иштеген, ал эми айрымдарда операция мыкты жасалса да ал бир нече күн эле жашаганы байкалган. Мындан улам бөтөн ткандар сыйышпастыгы жөнүндөгү ойлор туулган.

Ткандардын сыйышпастыктары тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ар бир организм бөтөнчө болот; ал организмдин айрым системаларынын (мисалы, кан, ткань суюктугу жана башкалар) белок молекуласынын өзгөчө түзүлүшүнө байланыштуу. Ошондуктан организмге жамалган башка ткань же орган бөтөн зат катары алынат; ал сыйышпастык реакциясы көчүрүлгөн ткань жана органдагы зат — антигендин санына жараша болот. Бир тукумдуу эгиздерде ткань сыйышпастыгы болбойт, анткени алардын антигенинин составы бирдей, ал эми энеата менен баланын антигени айырмаланат, бирок ал чоочун кишиге салыштырганда аз өзгөчөлөнөт. Башка кишиден көчүрүлгөн ткандын сыйышпастык реакциясы аларды өлүмгө учуратат. Акыркы жылдарда керексиз иммунитет реакциясын басууда ар кандай заттарды (иммунодепрессанттар) ийгиликтүү колдонуп, органды, айрыкча бөйрөктү ийгиликтүү көчүрүүгө түрткү берди. Иммунодепрессанттарга гормондор, химиялык дарылар, рентген нуру менен кактоо кирет.

Органды жашатуу жөнүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көчүрүлгөн органды реципиенттин кан айлануусуна кошуу убагында анын иштеп кетүүсү чоң мааниге ээ. Организмден бөлүнүп алынган, айрыкча өлүктөн алынган органды башка организмге көчүргөнгө чейин бир канча саат өтөт; бул көчүрүлгөн органдын жашап кетүү мүмкүнчүлүгүнө коркунуч туудурат. Ошондуктан органды консервалоо, башкача айтканда ар кандай жол менен алынган органдын организмден тышкары жашап кетүү мүмкүнчүлүгүн бир нече саатка узартууга туура келет. Врачтар, биохимиктер, инженерлер же физиологдор түзгөн аппараттар жана атайын эритмелердин жардамы менен органдын жашоосун 24 саатка чейин сактаса болот. Бөйрөктү көчүрүү клиникада ийгиликке жеткенден кийин окумуштуулар жүрөктү көчүрүп тигүүнү изилдей баштады. 1967-ж. Кейптаун хирургу Кристиан Бернард 1-болуп жүрөктү ийгиликтүү көчүргөн. Бирок кийинки бир топ операциялардын жыйынтыгы ийгиликсиз аяктаган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8