Трапп

Википедия дан

Трапп (шведче trappa - шаты, тепкич) - негиздүү тоо тектердин (диабаз, габбро, долерит жана базальт) жалпы аталышы.

Трапптын негизги курамын моноклин пироксени (көбүнчө авгит), олоивин, негиздүү плагиоклаз, магнетит, апатит, чанда ромб пироксини, биотит, ошондой эле экинчи ирет пайда болгон минералдар түзөт. Траппка көбүнчө офиттүү, чанда микролит же айнек сымал структура мүнөздүү. Трапп платформалык аймактарда (Чыгыш Сибирь, Индия, Түштүк Африка жана Түштүк Америка) кеңири таралган. Трапп менен жез-никель, платина жана темирдин кендери байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4