Трепанация

Википедия дан

Трепанация (гр. trypanon - тешкич бурама) медицинада - сөөктү тешип көңдөйүн ачуу операциясы.

Трепанация мээ шишигин алууда, мээге кан куюлганда, баш сөөк майдаланганда же мээни баса сынганда, гидроцефалияда мээге боштук түзүү үчүн колдонулат. Ошондой эле түтүк сымал сөөктөрдү, көздүн кабын ачууда ж. б-да Трепанация жасалат.

Трепанация жасоонун эки жолу бар:

  • 1) сөөктүн керектүү жери ачылып, мээге операция жасалып бүткөндөн кийин ачылган жердин сөөгү кайрадан ордуна бекитилип коюлат;
  • 2) операция жасалган жердин сөөгү биротоло алынып ташталат да, ошол жердеги мээ баштын териси менен гана жабылат

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.