Третьяков Павел Михайлович
Третьяков Павел Михайлович [15(27). 12. 1832, Москва - 4(16) 12. 1898, ошол эле жер] - көркөм искусство жаатындагы орус ишмери, Третъяков галереясынын негиздөөчүсү, Петербург көркөм академиясынын анык мүчөсү (1893).
Орус агартуучуларынын идеясын жактаган. 1850-жылдары орус искусство ишмерлеринин коллекцияларын чогулта баштаган. Анын биринчи сатып алган картиналары (сүрөттөр) Н. Г. Шильдердин «Азгырыкка алдыруу» жана В. Г. Худяковдун «Финляндиялык контрабандисттер менен жаңжалдашуу» (1853). Кийин коллекциялары И. П. Трутневдин, A. К. Саврасовдун, К. А. Трутовскийдин, Л. А. Брунинин, Л. Ф. Лагорионун ж. б. искусство чеберлеринин картиналары менен толукталган.
Третьяков галереясы 1860-жылдары В. И. Клодттун «Акыркы жаз», В. М. Максимовдун «Чоң эненин жомоктору» ж. б. картиналарды сатып алган. В. Г. Перовдун чыгармачылыгын («Жолдо эс алган мергенчилер», «Сокур музыкант», «Үчөө» ж. б.) жогору баалап, ага көп портреттерди заказ берген. 1864-ж. ал чогулткан коллекциялардын ичинде орус тарыхынын негизинде жаралган К. Д. Флавицкийдин «Княжна Тараканова» деген биринчи картинасы пайда болгон. 1874-ж. Третьяков галереясы чогулткан коллекциясы үчүн имарат-галерея курулган. Галерея 1881-ж. ачылган. Третьяков галереясы 1892-ж. Москва шаардык думасынын жеке карамагына өткөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4