Мазмунга өтүү

Тринидад жана Тобаго

Википедия дан

Тринидад жана Тобаго
англ. Republic of Trinidad and Tobago

Герб
Туу Герб
Гимн: «Forged From The Love of Liberty»
Эгемендүүлүк күнү 31-август 1962-жылы

Улуу Британиядан)

Расмий тили англис тили
Борбор шаары Порт-оф-Спейн
Ири шаарлар Чагуанас, Сан-Фернандо, Сан-Хуан
Башкаруу формасы унитардык мамлекет
Президент
Премьер-министр
Кристин Кангалу
Кит Роули
Мам. дини динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
164-орун - дүйнөдө
5131 км²
Калкы
• Бааланган (2024)
Жыштыгы

1 508 635 адам (154-орун)
294 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

43,658 млрд $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

27,887 млрд $
19 621 $
АДӨИ  0,814 (жогору) (60-орун)
Этнохороним тринидад жана тобаголук, тринидад жана тобаголуктар
Акча бирдиги Тринидад жана Тобаго доллары (TTD)
Домени .tt
ISO коду TT
ЭОК коду TTO
Телефон коду +1-868
Убакыт аралыгы UTC -04:00
Викиказынадагы медиафайлдар

Тринидад жана Тобаго (англ. Trinidad and Tobago), расмий аталышы — Тринидад жана Тобаго Республикасы (англ. Republic of Trinidad and Tobago) — Кариб деңизинин түштүгүндө , Венесуэланын жээгинен алыс эмес жайгашкан, арал мамлекети. Мамлекет эки ири Тринидад жана Тобаго жана көптөгөн майда аралдардан турат. Өлкө Венесуэланын чегинен 10,6 километр түндүгүндө жана Гренаданын түштүгүндө, түндүк кеңдиктин 10°2′ — 11°12′ жана батыш узундуктун 60°30′ — 61°56′ ортосунда жайгашкан.

Өлкө 1962-жылга чейин Улуу Британиянын колониясы болгон, эгемендүүлүк алгандан бери Улуттар Шериктештигине мүчө[1].

Эки аралды тең Христофор Колумб 1498-жылы өзүнүн үчүнчү экспедициясы учурунда ачкан. Е. М. Поспеловдун ою боюнча, аралдардын бири «Тринидад» (исп. Trinidad) аталышын алыстан үч чөптүн үймөгүнө окшоштугунан алган[2].

«Тобаго» экинчи аралдын аталышы жергиликтүү тургундар тарабынан коюлган, анын этимологиясы белгисиз. Е. М. Поспеловдун ою боюнча, топоним жергиликтүү калк тамеки тарткан түтүктөрдүн «тамбактын» аталышынан келип чыгышы мүмкүн.

Жергиликтүү калк

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тринидад менен Тобагого алгачкылардан болуп Түштүк Америкадан келген калк отурукташкан[3]. Тринидад аралынабайыркы адамдар, кеминде 7000 жыл мурун келип отурукташкан, бул Кариб деңизинин аралдарынын эң алгачкы отурукташкан бөлүгү болуп саналат[4]. Тринидаддын түштүк-батышындагы Банвари Трейс аймагында Кариб деңизиндеги аралдар арасындагы эң байыркы археологиялык эстеликтер табылган. Алар болжол менен б.з. ч. 5000 жылдарга таандык[5].

Биринчи европалыктар келген учурда Тринидадта ар кандай аравак тилдүү элдердин топтору жана непоя, супоя, яо сыяктуу кариб тилдүү элдердин топтору отурукташкан. Ал эми Тобаго аралында калина улуттундагы элдер жашашаган[6].

Европалык колонизация

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Христофор Колумб 1498-жылы Америкага болгон үчүнчү сапарында Тринидадды көргөн биринчи европалык адам болгон[4]. Ал ошондой эле Тобагону алыстан көрүп, аны Беллаформа деп атаган, бирок бул аралга түшкөн эмес[6].

Сэр Уолтер Рэлинин 1595-жылы Тринидаддагы испандыктарга кол салышы

1530-жылдары Тринидад аралын басып алууну көздөгөн испан жоокери Антонио де Седеньо аралдын түштүк-батыш жээгине чакан аскерлер тобу менен келип, аралдын жергиликтүү калкын багындырууну көздөгөн. Антонио де Седеньо баштаган чакан аскерлер тобу жергиликтүү эл менен көп жолу кагылуушуларды башынан өткөрүшүп, кийинчерээк бул аралга чеп курушкан. 1592-жылы бул аскерлер тобу жергиликтүү калк менен кагылуушулардын натыйжасында аралдын башка бөлүгүнө кетүүгө аргасыз болушкан[7].

XVII кылымда Франция Тобагону колониялаштырган жана 1666-жылдын августунан 1667-жылдын мартына чейин бийликти кармап турушкан[8].

1677-жылы 6-декабрда француздар Голландиянын жерлерине кол салып, бүт аралды басып алууга жетишишкен, кийин 1678-жылдын 10-августундагы биринчи Нимвеген келишимине ылайык голландиялыктарга бул аралдын аймагын толугу менен кайтарып беришкен[9].

1751-жылы француз колонизаторлору аралга келе башташкан, бирок 1763-жылы 10-февралда Париж келишимине кол коюлгандан кийин Франция аралды Британияга өткөрүп берген.

1777-жылы генерал-капитан Луис де Унзага Тринидадда эркин соода жүргүзүүгө уруксат берилген жана бул окуя француз улуттундагы адамдарды аралга тартып, аралдын экономикасын кыйла жакшырткан[10].

Аралга отурукташкандардын көбү француз улутундагы адамдар болгондуктан француз маданиятынын таасири үстөмдүк кылган. 1781-жылдын 2-июнунан 1793-жылдын 15-апрелине чейин бул арал кайрадан Франциянын башкаруусунда болгон.

1777-жылы генерал-капитан Луис де Унзага Тринидадда эркин соода жүргүзүүгө уруксат берилген жана бул окуя француз улуттундагы адамдарды аралга тартып, аралдын экономикасын кыйла жакшырткан[11].

Британиянын башкаруусу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
1797-жылы Тринидад жана Тобагону британиялыктар басып алганын чагылдырган медальон

Испания Тринидадды 1797-жылга чейин көзөмөлдөп турган. Ушул эле жылы Ральф Эберкромбинин жетекчилиги астында британиялык 18 согуштук кемеден турган флотилия аралды айланта курчап алганга чейин жетишкен. Ошол эле жылы 18-февралда Тринидад Британияга багынып берип, 1802-жылы расмий түрдө Британ империясынын аймагына айланган. Конкерабия шаары жаңы бийлик тарабынан Порт-оф-Спейн деп аталып, колониянын административдик борбору макамына ээ болгон[10].

Тринидаддын 1797-жылдагы картасы

Кичирээк Тобаго аралы XVII кылымда дароо төрт державанын — Англия, Франция, Голландия жана Курландиянын ортосундагы талаштын объектиси болуп калган. Европалыктардын мындай кызыгуусуна карабастан, Тобагодо дээрлик калк отурукташпаган. 1704-жылы арал бейтарап аймак деп жарыяланып, деңиз каракчылардын базасына айланган, 1763-жылы Тобаго арылы Улуу Британиянын көзөмөлүнө өткөн[10].

1850-жылдардын ортосунда Тринидаддан мунай кени табылган[10].

Тринидад жана Тобагого келген индиялык жумушчулар

1888-жылы Тринидад жана Тобаго бир колонияга бириктирилген[12]. Улуу Британиянын чет жерлердеги ээлигинин борбору Тринидадда, ал эми Тобаго көз каранды аймакка айланган[3].

Тринидад жана Тобагонун 1953-жылдагы почта маркалары

XX кылымдын башында өлкөдө биринчи шайланган бийлик органдары пайда болгон. 1925-жылы мыйзам чыгаруу Ассамблеясына биринчи шайлоо өткөн. Анын 13 мүчөсүнүн ичинен 7 мүчөсү добуш берүү жолу менен шайланган, калган 6 мүчөсү губернатор тарабынан дайындалган. Шайлоого 21 жаштан улуу эркектер жана 30 жаштан улуу аялдар катыша алышкан[1].

1930-жылдар Тринидад жана Тобаго үчүн өтө оор он жыл болгон[12]. Тринидадда, эки эпифитотиянын жана Улуу депрессиянын натыйжасында какао индустриясы дээрлик толугу талкаланган. Тобагодо калган плантациялар 1963-жылы «Флора» бороонунын жабыркаган. Ошондон бери Тринидад жана Тобагонун экономикасынын негизин табигый чийки зат (кен) иштетүү болуп келет[1].

Тринидад жана Тобагонун колониялык желеги, 1889-1958 жж.

1930-жылдардын аягында Тубал Урия Батлердин уюштуруусунун астында болгон, өлкө боюнча иш таштоолордун болгон. Бул окуялардын натыйжасында профсоюздар түзүлгөн. Батлер 1950-жылы шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болгон жумушчулар партиясын уюштурган. 1956-жылдагы шайлоодо Эрик Уильямстын жетекчилиги астында консервативдик Элдик улуттук кыймыл партиясы жеңишке жетишкен[3].

1940-жылдары Британия АКШга ижарага берген Уоллер аба күчтөрүнүн базасындагы жоокер

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Тринидад жана Тобагодо олуттуу өзгөрүүлөр болгон. Бул мунай өнөр жайынын өсүшүнө түрткү болуп Тринидаддын түндүк-батышында америкалык деңиз базасынын пайда болушуна себеп болгон (Улуу Британия АКШга Чагуарамас аймагын ижарага берген). Бирок, ижара 99 жылдык мөөнөткө түзүлгөнүнө карабастан, 1956-жылы америкалыктар базанын курулушун токтотуп, 1963-жылы Чагуарамасты Тринидад жана Тобагого кайтарып берген[3].

Хосай карнавалы

1958-1962-жылдары Тринидад жана Тобагонун борбору Вест-Индия федерациясынын дагы борбору болгон[12]. Уюштуруучулардын түпкү максаты боюнча кийинчерээк Вест-Индия федерациясы Улуу Британиядан көз карандысыздыкты алып, бир мамлекет болуп калышы керек эле. Бирок, федерация төрт жылдан кийин, 1962-жылы 31-майда жоюлган. Туура үч айдан кийин, 1962-жылы 31-августта Тринидад жана Тобаго көз карандысыздыгын жарыялаган.

Көз карандысыздык

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Тринидад жана Тобагонун улуттук музейи

Көз карандысыз мезгилинин алгачкы он төрт жылында Тринидад жана Тобаго, Британия королевасынын өкүлү болгон генерал-губернатордун расмий башкаруусу астында Британиянын доминиону бойдон калган. Мамлекеттин башчысы өкмөт башчы болгон. Өлкөнүн эгемендүүлүк алганга чейин өкмөттүн жетектеген Эрик Уильямс, Тринидад жана Тобагонун биринчи премьер-министри болуп калган[3].

1970-жылдардын биринчи жарымында кайрадан саясий кризис башталган. 1970-жылы профсоюздар жана негрлердин укуктары үчүн саясий кыймылдар катышкан бир катар иш таштоолор жана демонстрациялар болуп өткөн. Өзгөчө кырдаал киргизилип, 15 териси кара саясий лидерлер камакка алынган. Кийин Тринидад жана Тобаго армиясынын бир бөлүгү козголоң чыгарып, бир нече адамды барымтага алган. Бирок, Улуттук гвардия өкмөткө баш ийген бойдон калып, беш күндүн ичинде козголоңду толугу менен баскан[3].

Бул окуялар жакындап келе жаткан экономикалык кризистин фонунда болгон. Премьер-министр Уильямс кызматтан өз эрки менен кетүүгө даярданып жаткан. Бирок, 1973-жылдагы Араб-Израиль согушу мунайдын баасын көтөрүлүүшүнө алып келип, мамлекеттеги экономикалык кризистен сактап калган. Уильямс дагы өз кызматтында калган. Күйүүчү майдын баасынын кымбатташы Тринидад жана Тобагодо көп өлчөдөгү мунай өндүрүүгө алып келген. Натыйжасында республикада орточо эмгек акы жана жашоо деңгээли кыйла жогорулаган[13].

1976-жылы 1-август Тринидад жана Тобаго Республикасынын түзүлүшүн жарыяланган жана Улуу Британиянын доминиондуган толугу менен чыккан (бирок Улуттар Шериктештигиндеги ордун сактап калган). Тринидад жана Тобагонун акыркы генерал-губернатору Эллис Кларк республиканын биринчи президенти болуп, Эрик Уильямс премьер-министр бойдон калган[1].

1981-жылы өкмөттүн башчысы Уильямс көз жумган. Ал түзгөн Улуттук кыймыл партиясы ал өлгөндөн кийин дагы беш жыл бийликте турган жана 1986-жылдагы шайлоодо Улуттук кайра жаралуу альянсына утулуп, альянстын лидери А. Н. Р. Робинсон премьер-министр кызматына келген[3].

1990-жылдын июлунда «Jamaat al Muslimeen» тобу куралдуу төңкөрүш аракетин жасаган[14]. Топтун 114 мүчөсү парламент имаратына жана телеборборго чабуул жасоого аракет кылышкан. Террористтер премьер-министрди жана парламенттин бир нече мүчөсүн барымтага алып, беш күн бою кармап турушкан. Өкмөттүк куралдуу күчтөр тарабынан бул топтун катышуучулары толугу кармалган.

Учурда Тринидад жана Тобаго региондогу эң бай мамлекеттердин бири (каржынын негизги булагы мунай жана жаратылыш газы), бирок өлкөдө саясий туруктуулук өтө төмөн бойдон калууда.

Тринидад жана Тобагонун спутниктен көрүнүшү

Тринидад жана Тобаго Атлантика океаны менен Кариб деңизинин ортосундагы кичинекей архипелагда жайгашкан. Өлкө эки ири аралды (Тринидад жана Тобаго) жана көптөгөн майда аралдарда ээлейт (алардын арасында Чакачакаре, Монос, Уэвос, Гаспар-Гранде, Кичи Тобаго, Сент-Жайлс ж.б. аралдар).

Тринидад жана Тобагонун аянты — 5131 км², жалпы аянттынын 4768 км² же 93% Тринидад аралына туура келет. Тринидад аралынын орточо узундугу 80 км жана туурасы 59 км. Тобаго аралы Тринидаддан 30 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан жана узундугу 41 км, туурасы 12 км, аралдын аянты болжол менен 300 км².

Тринидаддын түштүк-батышындагы Пич-Лейк көлү

Тринидад жана Тобаго Кичи Антил аралдарынын бир бөлүгү деп эсептелгенине карабастан, алардын келип чыгышы бул архипелагдагы башка аралдардан айырмаланып турат. Тринидад алгач Түштүк Американын бир бөлүгү болгон, Тобаго жанар тоонун атылышынан улам пайда болгон. Эки арал тең Түштүк Американын континенттик шельфинде орун алышкан. Эки аралдагы тоо кыркалары Венесуэланын тоо кыркаларынын уландысы болуп саналат[15]. Азыр аралдар континенттен Пария булуңу, Бока-дель-Серпенте жана Бока-дель-Драгон кысыктары менен бөлүнгөн (аталыштары испанча жыландын оозу жана ажыдаардын оозу деген маанини билдирет).

Тринидадда кургактыгынын бетинде жапыз түздүктөр басымдуулук кылат, бирок үч тоо кыркасы бар, алардын экөө бири-бирине параллель жана бийиктиги 325 метрден ашпайт. Түндүктө Венесуэланын Жээк Кордильеринин уландысы болгон дагы бир тоо кыркалары жайгашкан. Анын бийик чекити — Арипо тоосу 940 метр бийиктике жетип, өлкөнүн эң бийик чокусу болуп саналат. Экинчи бийик чекити Эль Тукуче тоосунда жайгашып, бийиктиги 936 метр.

Аралдын эки ири дарыялары — Ортойре (узундугу 50 км, Атлантика океанына куят) жана Корони (40 км, Пария булуңуна куят).

Тобагодо аралдын көпчүлүк бөлүгүнөн өткөн, узундугу 29 км жана бийиктиги 640 метрге чейин жеткен чоң тоо кыркасы үстөмдүк кылат. Тоо кыркаларынын түндүгүндө жана түштүгүндө түшүмдүү келген түздүктөр жайгашкан. Тобагонун 43% токойлор ээлейт. Аралда көптөгөн дарыялар жана сайлар бар. Тринидаддан айырмаланып, Тобагодо топурактын эрозиясы же суу ташкыны сыяктуу көйгөйлөр көп кездешпейт.


Берил ураганы 2024-жылдын июль айында Тринидад жана Тобагонун аймагын аралап өткөн

Тринидад жана Тобагонун климаты тропиктик[1].

Тринидадда жылдык орточо температура — 26°C[16]. Жаанчыл мезгилинде (июндан декабрга чейин) абанын салыштырмалуу нымдуулугу орточо эсеп менен 85-87% чейин жетет, жылына 200 сантиметрден ашык жаан жаайт (орточо 211 см).

Тобагонун климаты бир аз салкыныраак, бирок жалпысынан Тринидадтын климаты менен окшош. Жаан-чачындын жылдык орточо деңгээли болжол менен 250 см[16].

Жыл эки мезгилге бөлүнөт — жаанчыл мезгил июндан декабрга чейин, кургакчыл мезгил январдан майга чейин созулат. Аралдар тропикалык циклон зонасынын түштүгүндө жайгашкандыктан көпчүлүк катуу бороондор Тринидад менен Тобагонун аймагынын айланып өтүшөт[16].

Флора жана фауна

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тринидад жана Тобаго аралдары Түштүк Американын континенталдык шельфинде жайгашкандыктан жана байыркы убакта Түштүк Америка материги менен байланышта болгондуктан, алардын биологиялык ар түрдүүлүгү Кариб деңизиндеги башка аралдардын көпчүлүгүнөн айырмаланат жана Венесуэланын биологиялык ар түрдүүлүгүнө көбүрөөк окшош келет[17].

Саясий түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тринидад жана Тобагонун саясий системасы парламенттик демократиянын британиялык моделине негизделген[18].

Кристин Карла Кангалу. 2023-жылдын 20-мартынан тарта президенттин кызматында
Кит Роули. 2015-жылдын 9-сентябрынан тарта премьер-министрдин кызматында

Тринидад жана Тобаго парламенттик республика болуп саналат. 1976-жылы кабыл алынган конституция боюнча мамлекет башчысы болуп парламенттин эки палатасынын депутаттары кирген шайлоочулар коллегиясы тарабынан беш жылдык мөөнөткө шайланган президент саналат[19]. Бир адам катары менен эки мөөнөттөн ашык президенттик кызматты ээлей албайт. Президенттин ыйгарым укуктары өтө чектелген, ошондуктан бийлик премьер-министрде[20]. Өкмөттүн төрагалыгына талапкерди парламент көрсөтөт, аны президент бекитет. Адатта, парламенттик шайлоодо көбүрөөк добуш алган партиянын лидери премьер-министр болот. Министрлер кабинетинин курамын парламент бекитет. Учурда өкмөттө 21 министрлик бар[21].

Мамлекеттин учурдагы башчылары 2015-жылдын сентябрь айынан бери кызматта турган президент Кит Роули жана премьер-министр Кристин Карла Кангалу.

Тринидад жана Тобаго парламенти эки палаталуу[22]. Төмөнкү палата Өкүлдөр палатасы деп аталат. Ага 36 депутат кирет (кийинки парламенттик шайлоодон бул сан 41ге чейин көбөйтүлөт). Жогорку палата Сенат деп аталып 31 мүчөдөн турат, алардын 16 премьер-министр (өкмөттөн сенаторлор), 6 оппозиция лидери (оппозициядан сенаторлор), калган 9 президент (көз карандысыз сенаторлор) тарабынан дайындалышат[22]. Тобагодо аткаруу бийлигин 15 депутаттан турган жергиликтүү Ассамблея алып барат[21].

Өлкөнүн эң жогорку соту — арбитраждык сот. Жогорку сот Тринидад жана Тобагонун президенти тарабынан премьер-министр жана оппозиция лидери менен кеңешкенден кийин дайындалат. Жогорку сот, Конституцияга ылайык, аткаруу бийлигинен көз каранды эмес.

Административдик-аймактык түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Тринидада жана Тобагонун административдик-аймактык түзүлүшү
Скарборо, (Тобаго аралы)

Административдик түзүлүшү боюнча Тринидад жана Тобаго Республикасы унитардык мамлекет. Өлкө административдик жактан 9 аймакка, 3 борого, 2 шаар жана 1 уордго бөлүнөт[3][1].

Тринидад жана Тобагонун этникалык топтору [23]
Этникалык топ пайызы
Индиялыктар
  
35.4%
Африкалыктар
  
34.2%
Аралаш никеден туулгандар
  
15.3%
Дугластар
  
7.7%
Теги белгисиздер
  
6.2%
Башка улуттар
  
1.3%

2020-жылдардын ортосунда өлкөнүн калкынын саны 1,4 миллиондон 1,5 миллионго чейин деп бааланган[24].

Улуттук курамы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тринидад жана Тобагонун этникалык курамы басып алуулардын жана иммиграциянын тарыхы менен тыгыз байланышкан[25].

Эң алгачкы тургундар жергиликтүү түпкү калкы, андан тышкары өлкөдөгү эки басымдуу этникалык топ бар. Алар Индиядан, Түштүк Азиядан жана Африкадан келген адамдардын урпактары.

Кант плантацияларында иштөөнү улантуудан баш тарткан, эркиндикке чыккан африкалык кулдарды алмаштыруу үчүн Индиядан алынып келинген жумушчулардын урпактары өлкөнүн эң ири этникалык тобун түзөт (болжол менен 35,4%)[26][1]. Бул жумушчулар маданияттын, ата-бабаларынан калган салттарды азыркы мезгилге чейин сактап келишет жана негизинен Тринидадда жашашат. 2011-жылдагы эл каттоодого маалыматтарга ылайык Тобаго аралынын калкынын 2,5% гана индиялыктар болушкан[27].

Афркалыктардын урпактары тринидад жана тобаголуктардын калкынын экинчи ири этникалык тобун түзөт, калктын болжол менен 34,2% африкалык тектүү деп эсептешет[1]. Африкалык улуттардын көбү XVI кылымдан тартып аралдарга алынып келинген кулдардын урпактары. Тобагодо бул топ 85,2% көрсөткүчү менен калктын көпчүлүгүн түзөт[27].

Калган калктын басымдуу бөлүгү ар кандай улуттардын ортосундагы никеден туулгандар[1]. Ошондой эле жергиликтүү түпкү калктын урпактарынын, европалыктардын, португалдардын, венесуэлалыктардын, жана кытай, араб улутундагы адамдардын тобу бар.

Тринидад жана Тобагодо ата-бабалары XIX кылымдын аягында XX кылымдын башында Венесуэладан какао чарбаларында иштөө үчүн келген, испандыктардын жана африка калктарынын урпактары болгон паниол коому бар[28].

Тринидад жана Тобагодогу дин (2011)[29]
Дин Пайыз
Христианство
  
55.2%
Индуизм
  
18.2%
Ислам
  
5.0%
Ориша
  
0.9%
Растафарианство
  
0.3%
Башка диндер
  
7.0%
Тутунган динин так атабагандар
  
13.3%
26 метрлик Ханумандын айкели

2011-жылдагы эл каттоонун маалыматтарына ылайык өлкөнүн диний курамы көп агымду:

  • Католик чиркөөсүнүн жолдоочулары — 21,60%
  • Индуизмдин жолдоочулары — 18,5%
  • Евангелисттер — 12,02%
  • Баптисттер — 6,89%
  • Англикандар — 5,67%
  • Мусулмандар — 4,97%
  • Жетинчи күндүн адвентисттери — 4,09%
  • Конгрегациячылар жана пресвитериандар — 2,49%
  • Атеисттер жана агностиктер — 2,18%
  • Жахабанын Күбөлөрү — 1,47%
  • Оришанын жолдоочулары — 0,9%
  • Методисттер — 0,65%
  • Моравиялык бир туугандар жана растамандар — 0,27%

Тринидад жана Тобаго калкынын 11,1% диний көз караштарын көрсөткөн эмес.

Жогорудагы диндерден тышкары, негизинен өлкөдөгү түштүк азиялыктардын арасында сикхизм, жайнизм, зороастризм жана бахаизмдин жолдоочулары бар.

Кытай диаспорасынын арасында буддизм жана даосизм дагы кеңири таралган.

Аралдарда кылымдар бою жөттөр жашап келишет[30]. Бирок алардын саны абдан эле аз, 2007-жылдагы эсептөөлөргө ылайык, жөттөрдүн саны 55 адамды түзгөн[31].


Англис тилиндеги дүкөндүн кире беришиндеги такта

Жалгыз расмий тили болуп англис тили саналат, бирок көптөгөн индотринидаддыктар сүйлөгөн бхожпури индо-арий тили кеңири таралган. Оозеки тилде, негизинен, англис тилинде негизделген тринидад креол тили колдонулат. Венесуэла жана башка испан тилдүү өлкөлөрдүн жакындыгына карабастан, испан тилинде сүйлөгөндөрдүн пайызы анча деле көп эмес, бирок бул тил биринчи чет тили катары окутулат[32].

Испан тили 1498-1797-жылдары аралдын жалгыз расмий тили болгон, бирок 1780-1790 жылдары ал акырындык менен алгач француз тили менен, 1870-жылдан тартып англис тили менен алмаштырылган.

Порт-оф-Спейн гаваны
Пиарко эл аралык аба майданы
Пуэнт-а-Пьер шаарындагы мунай иштетүүчү завод

Республиканын экономикасынын негизин мунайды, ошондой эле жаратылыш газын өндүрүү жана кайра иштетүү түзөт. Тринидад жана Тобаго суюлтулган жаратылыш газын өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алтынчы мамлекет (2005-жылы 14 миллиард м³ суюлтулган жаратылыш газын өндүргөн). АКШга экспортолгон суюлтулган жаратылыш газынын 65% Тринидад жана Тобагодо өндүрүлгөн газ түзөт. Тринидад аралынын түштүк-батыш жээгиндеги Пич-Лейк көлү дүйнөдөгү эң ири табигый асфальт резервуары болуп саналат жана асфальт экспортко чыгарылат. Химиялык продуктулар, айрыкча жер семирткичтер экспорттун негизги товарлары.

Тринидад жана Тобагонун эң маанилүү тышкы экономикалык өнөктөшү болуп АКШ саналат, ага республиканын экспортунун 40% жакыны жана импорттун 27% туура келет. Жамайка, Барбадос, Венесуэла, Бразилия өлкөлөрү менен олуттуу экономикалык байланыштары бар. Аз деңгээлде Европа Бирлигинин өлкөлөрү, Канада жана Жапония менен экономикалык байланышы бар.

Республиканын экономикалык саясаты — неолибералдык. 1995-жылы экономикалык өсүшкө жана өлкөгө чет элдик капиталды тартууга өбөлгө түзгөн экономикалык реформа болгон. Азыр Тринидад жана Тобаго инвестицияларды жайгаштыруу үчүн жагымдуу мамлекет болуп эсептелет.

Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча Тринидад жана Тобагонун ички дүң өнүмү 2013-жылы 27,703 миллиард АКШ долларын түзгөн (дүйнөдө 99-орунда), жан башына ички дүң өнүмү 20 610 долларды түзгөн (39-орунда). Ички дүң өнүмүнүн 19% чет элдик инвестициядан турат жана анын көлөмү болжол менен 5 миллиард АКШ долларын түзөт.

Мамлекеттик акча бирдиги — Тринидад жана Тобаго доллары (коду TTD)[33]. 2024-жылдын 23-октябрына карата анын 1 АКШ долларына карата курсу 6,78 Тринидад менен Тобагонун долларына барабар[34].

Карнавал

Тринидад жана Тобагонун маданияты, мамлекеттин калкынын көп улуттуу курамы менен шартталган бир нече маданияттардын аралашмасы. Республиканын маданиятына Улуу Британия жана АКШ күчтүү таасир этет.

Өлкөнүн эң маанилүү маданий окуясы жыл сайын өтүүчү карнавал болуп саналат. Бул салттын тарыхы Чыгыш Африкадан Тринидад жана Тобагого кулдардын алып келинген мезгиленен башталат. Карнавал февралдын аягында жана марттын башында болуп, маскарад, бий, көчөлөрдө майрамдык жүрүш менен коштолот. Жергиликтүү музыкалык топтордун мелдештери дагы өткөрүлөт.

Дата Аталышы Англисче название Кошумча маалымат
1-январь Жаңы жыл[35] New Year’s Day
Өзгөрүлмө Карнавал[35] Carnival
Өзгөрүлмө Орозо айт[35] Eid-ul-Fitr Рамазан айынын аягы, мусулмандын эң маанилүү майрамы. Тринидад жана Тобагодо мамлекеттик деп жарыяланган жалгыз мусулман майрамы.
Өзгөрүлмө Пасха Easter Улуу жума жана пасха жумалыгынын дүйшөмбү күндөрү.
30-март Баптисттердин Боштондук күнү[35] Spiritual Baptist Shouter Liberation Day
Өзгөрүлмө Ыйсанын денеси жана каны майрамы[35] Corpus Christi
30-май Индиялыктардын келген күнү[35] Indian Arrival Day Мындай майрамды белгилеген дүйнөдөгү биринчи өлкө.
19-июнь Эмгек күнү[35] Labour Day
1-август Эмансипация күнү[35] Emancipation Day
31-август Эгемендүүлүк күнү[35] Independence Day
24-сентябрь Республики күнү[35] Republic Day
Өзгөрүлмө Дивали[35] Divali
25-декабрь Рождество[35] Christmas
26-декабрь Белектер күнү[35] Boxing Day Белек берүү ырымы салтка айланган майрам.

Социалдык тармагы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тринидад жана Тобаго Республикасында билим берүү 5 жаштан 16 жашка чейинки балдар үчүн акысыз жана милдеттүү болуп саналат. Билим берүү тармагын өнүктүрүүнү Энтони Гарсиа жетектеген Билим берүү министрлиги алып барат. Тринидад жана Тобагодо 2015-жылга карата алынган маалыматтарга ылайык, сабаттуулуктун көрсөткү 95% (эркектердин арасында 99,2% жана аялдарарасында 98,7%)[36].

Бала бакчаларда жана башка даярдоочу мектептерде акысыз билим берүү орнотулган.

Саламаттыкты сактоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тринидад жана Тобагодо эки түрдү саламаттыкты сактоо системасы иштейт. Башкача айтканда, жеке жана мамлекеттик медициналык мекемелер бар.

Саламаттык сактоо министрлиги Саламаттык сактоо тармагын жетектейт. Саламаттык сактоо министрлиги түздөн-түз саламаттык сактоо мекемелерин иштетпесе дагы, алардын туура иштешин камсыз кылууда негизги ролду ойношу керек, реалдуу саламаттык сактоо муктаждыктарын баалоонун негизинде аймактар үчүн саясатты, максаттарды жана иштердин планын орнотот[37].

  1. 1.0 1.1 1.2 1.3 1.4 1.5 1.6 1.7 1.8 CIA. The World Factbook. Trinidad and Tobago
  2. Поспелов Е. М. Географические названия мира. Топонимический словарь: М.: Русские словари, 1998. — 503 с. — 3000 экз. — ISBN 5-89216-029-7.
  3. 3.0 3.1 3.2 3.3 3.4 3.5 3.6 3.7 Encyclopædia Britannica. Trinidad and Tobago
  4. 4.0 4.1 The Rough Guide to Trinidad & Tobago
  5. Archaeology and Geoinformatics: Case Studies from the Caribbean
  6. 6.0 6.1 Gertrude Carmichael. The History of the West Indian Islands of Trinidad and Tobago, 1498-1900
  7. Arie Boomert. Trinidad, Tobago, and the Lower Orinoco Interaction Sphere: An Archaeological/ethnohistorical Study
  8. Vincent Huyghes-Belrose. The Colonization Of Tobago By France : Bibliographical And Archival Material In France, Martinique And Guadeloupe
  9. A Brief History of Trinidad & Tobago
  10. 10.0 10.1 10.2 10.3 Trinidad and Tobago. History
  11. Bridget Brereton. An Introduction to the History of Trinidad and Tobago
  12. 12.0 12.1 12.2 A History of Trinidad and Tobago
  13. Time capsule: a Trinidad & Tobago historical timeline
  14. The Muslimeen grab for power: Race, religion, and revolution in Trinidad and Tobago
  15. Maps of the World. Тринидад жана Тобаго
  16. 16.0 16.1 16.2 Country Overview For Trinidad and Tobago
  17. Polly Thomas. The Rough Guide to Trinidad & Tobago
  18. The Government and Political System in Trinidad and Tobago
  19. Presidents of Trinidad & Tobago
  20. Office of the Prime Minister Republic of Trinidad and Tobago
  21. 21.0 21.1 Trinidad and Tobago: Government
  22. 22.0 22.1 Parliament of the Republic of Trinidad and Tobago
  23. Central America and Caribbean :: TRINIDAD AND TOBAGO. CIA The World Factbook.
  24. Worldometer. Trinidad and Tobago Population
  25. Trouble in paradise
  26. Twists and turns in search for ancestry
  27. 27.0 27.1 Trinidad and Tobago Central Statistical Office. Non-Institutional Population by Sex, Age Group, Ethnic Group and Municipality
  28. Trinidad and Tobago - World Directory of Minorities & Indigenous Peoples
  29. Central Statistical Office(CSO) 2011 Census Data.
  30. The Encyclopedia of Caribbean Religions: Volume 1: A - L; Volume 2: M - Z
  31. Trinidad’s Jews stick together
  32. The Secretariat for The Implementation of Spanish
  33. Country Capital and Currency List 2024
  34. XE.com Inc. 1 USD to TTD - Convert US Dollars to Trinidadian Dollars
  35. 35.00 35.01 35.02 35.03 35.04 35.05 35.06 35.07 35.08 35.09 35.10 35.11 35.12 Public Holidays. Office of the Prime Minister Republic of Trinidad and Tobago
  36. Ideology and Politics in English‐Language Education in Trinidad and Tobago: The Colonial Experience and a Postcolonial Critique
  37. An Expat Guide To Healthcare In Trinidad & Tobago

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]