Трипаносомоз

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Трипаносомоз - кишинин жана малдын жөнөкөйлөр - трипаносомалар пайда кылуучу оорусу.

Трипаносомоз трансмиссиялуу ооруларга кирет. Ооруну оорулуу киши жана мал таратат. Кишиде Трипаносомоздун африкалык (уйку оорусу) жана америкалык (Шагас оорусу) түрү белгилуу. Профилактика: оору тараткычтарды (курт-кумурскаларды) жок кылуу, калкты хим. препараттар менен эмдөө. Малдын Трипаносомозу Африкада, Америкада, Азияда кеңири тарап, мал чарбасына чоң зыян келтирет.

Ылаңдаткычтар малга биол. тараткычтар аркылуу (цеце чымыны, бит, кене, бүргө ж. б.), механикалык (көгөөн, чиркей) же жыныс жолу менен жугат. Дартка чалдыккан малдын температурасы мезгили менен көтөрүлүп, шайы кетет, көзүнөн жаш куюлуп, жыныс органдары шишийт, буту-колу шалдаят. Малды өз убагында дарылабаса, шалдан же арыгынан өлөт. Диагноз эпизоотологиялык маалыматтардын, клиникалык белгилердин, кандагы ылаңдаткычтарды табуунун, серологиялык реакциянын негизинде коюлат. Дарылоодо наганин, антрицид, омидий түзү колдонулат. кыргызстандын илимпоздору (Вечеркин С.) жылкынын кээңгисин дарылоо жана андан сактануу үчүн беренил жана азидинди пайдаланууну сунуш кылган. Профилактика: ылаң тараткычтарды жок кылуу, малды трипаноцид менен эмдөө, бүткүл мите алып жүруүчүлөрдү табуу жана айыктыруу.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.